ВИДЕО – №4 “Мекеним Кыргызстан” ааламга жарык чачкан жаркын өлкөнү бирге куралы!

55

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү – жаратман жана бир пикирдеги санаалаштарбыз. Жашыбызга, жынысыбызга, улутубузга, диний ишенимибизге жана тек-жайыбызга карабай бизди жалпы бир түшүнүк – Кыргызстанды кантип ар бир жаран үчүн ыңгайлуу өлкөгө айлантабыз деген ой бириктирди. Кыргызстандын элин кандай негизги көйгөйлөр түйшөлтүп жатканына дайыма абай салып турабыз. Биздин максатыбыз – рынок экономикасы өнүккөн социалдык багыттагы мамлекетти куруу. Биздин приоритеттер – жеке эркиндик, экономикалык эркиндик, коомдун жана мамлекеттин жеке менчикти сыйлоосу, мүмкүнчүлүктөр теңдиги, толеранттуулук, сабырдуулук жана айкөлдүк. №4 “Мекеним Кыргызстан” – ар бир кыргызстандыктын партиясы!

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.