Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 млрд 201 млн куб метрди түздү

15

Бүгүн, 1-октябрда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 млрд 201 млн куб метрди түзөт. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 349 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 320 куб метрге жетүүдө.

Белгилей кетсек, суу сактагыч Нарын дарыясынын жогорку агымындагы мөңгүлөрдүн эриген көлөмүнө жараша толот.