COVID-19: Өлкө аймагындагы стационарларда 819 бейтап дарыланууда

24

Өлкө аймагындагы стационарларда 819 бейтап коронавирустан дарыланууда. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, стационарда 819, амбулатордук түрдө 1455 бейтап дарыланууда.

Белгилей кетсек, 30-сентябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 147 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 46 миң 669ду түзөт. Алардын ичинен 42 миң 879 киши айыгып чыкты, 1 миң 64 адам каза болду.