Видео – “Чоң казат” партиясынын лидери Максат Мамыткановдун байларды коркутуп акча алып жаткан видеосу тарады

509

Бүгүн, 30-сентябрда “Чоң казат” партиясынын лидери Максат Мамытканов байларды коркутуп акча алып жаткан видеосу социалдык тармактарда тарады.

Виедотасмада көрүнгөндөй, Максат Мамытканов белгисиз адамдан конвертке салынган акчаны алат. Ал экөөнүн диалогу:

– Анан кечээ күнү убада кылганын берип жиберди. Санайсыңбы, эмне кыласың?

– Салып коюңуз, санаштын кереги деле жок.

– Санабайсыңбы?

– Ишенебиз да сиздерге.

– Ооба, туура

– Ишенич менен иш кылып жатабыз да.

– Калганын бир, эки, үч күн күтө турсаңар, калганын берет да, кудай кааласа.