“Ата Мекендин” экономикага жаңы дем берчү 10 кадамы

51

№6 “Ата Мекен” партиясы өз ишин ырааттуу улантып келе жаткандыгы, туруктуулугу жана оппозициялык багыттан кайра тартпаганы менен башкалардан айырмаланып турат. Партия ар бир шайлоого жаңы программаларды жазып отурбай, эскилерине толуктоолорду, жаңылоолорду киргизип, заман агымына шайкеш демилгелерди көтөрүп чыгууга басым жасайт.

   2020-жыл бир гана Кыргызстан эмес, бүткүл дүйнө үчүн күтүлбөгөн сыноолорго бай болду. Коронавирус пандемиясы жана аны коштой келген экономикалык каатчылык биздин өлкөнүн талылуу жерлерин айкын көрсөттү. Кыргызстанда кескин бурулуштарды жасап, өнүгүүнү көксөгөн  “Ата Мекендин” жаңыланган командасы  шайлоого «Жаңы дем» манифести менен бара жатат. Партиянын шайлоо алдындагы программасына ылайык өлкөдөгү бардык тармактарды реформалоо каралган,  төмөндө партиянын экономикалык кадамдарына токтолобуз.

Экономикадагы жаңы дем:

*Өнөр-жай секторун өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу жана кабыл алуу. Өнөр-жай жана өндүрүш мамлекеттик деңгээлде артыкчылыктуу багыт деп аныкталышы керек. Бул тармак жеңилдетилген насыяларды алып, салык каникулдарынан, мамлекет колдоосунан пайдаланышы керек.

*Өнүгүү банкын түзүп, ири өнөр-жай долбоорлоруна жеңилдетилген шартта насыя, субсидия берчү түзүмдөр менен кызматташууну күчөтүү. Мисалы, Евразия өнүктүрүү банкы менен. 

*Беш жыл ичинде импорттун ордун максималдуу түрдө алмаштыруу программасын иштеп чыгуу жана кабыл алуу. «Мade in Kyrgyzstan» деген жазуусу бар товар же азыкты сатып алуу модага, беделдүү, патриоттук кадамга айлануусу керек. Кыргыз азык-түлүгүн өлкө ичинде жана чет жактарга жайылтуу кампаниясы программанын бир бөлүгү болууга тийиш.

*Сырткы экономикалык ишмердүүлүктү толугу менен либерализациялап, башкача айтканда, биздин экономика инвестицияга, жүргүнчүлөрдүн агымына, соода алакасына ачык деп бүткүл дүйнөгө жар салуу. Жарыя Акт, Манифест же Декларация формасында болушу мүмкүн.

*Инвестициялык кодексти иштеп чыгуу.

*Капиталдын өлкөгө кайтышына мыйзам жүзүндө түрткү берүү.

*Кош салыкка жол бербөө боюнча келишимдерди мүмкүн болушунча бардык өлкөлөр менен түзүү.

*“Чакан бизнес ар бир үй-бүлө үчүн” мамлекеттик программасын иштеп чыгуу. 

*Аялдар ишкерлигин колдоо программасын иштеп чыгуу.

*Заманбап мамилеге негизделген агроөндүрүш комплексин өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу. Өзгөчө басым айыл чарба продукцияларын кайра иштеп чыгуу технологияларына жасалат.

4-октябрда шайлоого катышып, туура тандоо жасаңыз. №6 “Ата Мекен” партиясына добушуңузду бериңиз!

“Ата Мекен” саясий партиясынын шайлоо фондунан (эсептик счет 1299007840002080) каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Д.К.Кулжанова тарабынан төлөндү. Чыгарылган күнү: 30.09.2020