Кыргызстандын ооруканаларында 180,6 млн сомдук дары-дармектин камы бар – ММК фонду

21

Кыргызстандын ооруканаларында 180,6 млн сомдук дары-дармектин камы бар. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан билдиришти.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду билдиргендей, күз-кыш мезгилдеринде болору божомолдонуп жаткан коронавирустун экинчи толкунуна карата өлкөнүн ооруканалары фонд бөлүп берген 180,6 млн сомго керектүү дары-дармектерди сатып алган.

Аймактар боюнча алганда:

– Бишкек шаары 45,3 млн сомго;
– Ош облусу 45,2 млн сомго;
– Жалал-Абад облусу 39,7 млн сомго;
– Нарын облусу 13,7 млн сомго;
– Баткен облусу 12,3 млн сомго;
– Ысык-Көл облусу 10,4 млн сомго;
– Чүй облусу 10,7 млн сомго;
– Талас облусу 3,2 млн сомго.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын биринчи орун басары Клара Өскөнбаеванын айтымында, дары-дармектер менен жеке коргонуучу каражаттар эсептөөлөргө ылайык сатып алынат.

“Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду медицина мекемелериндеги дары-дармектерге мониторинг жүргүзүп турабыз. Андан тышкары, Мамлекеттик материалдык резервдер фонду да оор жана өтө оор түрдө ооруган учурлар үчүн да дарыларды сатып алат”, – дейт ал.

Ооруканалардагы дары-дармектердин тизмеси:

– антиакоагулянтар (гепарин, эноксапарин);
– ден табын түшүрүүчү дарылар (парацетамол, ибупрофен), дезагрегант (Ацетилсалицил кычкылы);
– Цефалоспориндер тобундагы антибиотиктер;
– Амоксициллин+Клавулан кычкылы;
– наркоз дарылары;
– физиологиялык аралашма;
– Рингер аралашмасы;
– пероралдык регидратация үчүн туздар.