Кыргызстанда сутка ичинде 142 адам коронавирустан айыкты

15

Кыргызстанда сутка ичинде 142 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 26, Ош шаарында – 19, Чүй облусунда – 7, Ош облусунда – 26, Талас облусунда – 10, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 14, Жалал-Абад облусунда 17, Баткен облусунда – 20 бейтап коронавирустан айыкты.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 42 миң 761ге жетти.