ВИДЕО – “Чын сүйүүнүн касиети” Чыныбай Турсунбековдун жубайына арнаган ыры

3003

Кыргыз саясатчысы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин спикери, V жана VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болгон маркум Чыныбай Турсунбековдун кызы апасынын туулган күнүндө “жылдагыдай атам жок” деп бул дүйнөдөн көзү өтүп кеткен атасын эскерип пост жазды. Анда ал атсынын апасына арнап жазган ырын жарыялады.

“Бүгүн апамдын туулган күнү. Бул күн атамсыз өткөнү жатат. Апама өтө оор экенин түшүнүп турам: жылдагыдай таң эрте апамдын сүйүктүү гүлдөрүнөн жасалган гулдесте жок, атамдын өз колунан атайын даярдалган эртең мененки тамагы жок, кечкисин үй-бүлөбүз менен чогуу ресторанда апамды куттуктап, өзгөчө берген белеги жок.

Ушунун баарын биз жасасак да баары бир окшошпойт окшойт, себеби жанында бир бүтүндүктү түзгөн, сөзү жок бири-бирин түшүнүшкөн сүйүктүү жары жок. Атам менен апам бири- бирин толуктап турушчу.

Апа, ооба, сиз бул күндү атамсыз өткөрөсүз, бирок биз, сиздин балдарыңыз, жаныңыздабыз. Атам болсо ар дайым биз менен, биздин жүрөгүбүздө, өзүнүн эстелик катары калтырган ыр саптарында түбөлүккө жашайт!

Туулган күнүңүз менен, АПА!Т Nurjan Doolotbakova“, – деп жазган Aidai Tursunbekova.