Атамбаевдин тагдыры балдарына сабак болбогондой…

195

Алмазбек Атамбаевдин доору эбак эле бүткөн. Аны Социал-демократтардын элден эч кандай колдоо таба албаган супсак бир үгүт иштери далилдеп жатат: мурдагы президенттин Кой-Таштагы резиденциясында топурап жүргөн тарапташтарынын чогулганы деле байкалбайт.
Атасынын турмуштун соккусуна кабылып, кадыр-баркы кеткенине балдары макул болбогондой. Алар баштарына келген балээнин баарына айланадагыларды күнөөлөп, атасын сүттөн ак кылып, бир айтканын апендичесинен кайра-кайра кайталап келе жатышат.
Кадыр Атамбаев атасынын кетирген катачылыктарын такыр эле көргүсү, түшүнгүсү жок. Бары-жоктун баары бийликтен деп, интрига кылып келет.
Бир айтканды кайра-кайра эле айта берсе болобу?! Кадыр, сен мындан тажаган жоксуңбу? Раим Матраимовдун карьерасы Алмазбек Атамбаевдин учурунда асманга чейин көтөрүлгөнүн жок дегенде бир ирет ойлонуп көрдүңбү? Дал ушул Атамбаев менен анын жакын досу Икрамжан Илмиянов Раимди Оштун бажысынын башчылыгына алпарышкан. Андан кийин ага Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматын тартуулашкан. Дээрлик 8 жылдан бери Атамбаев Раим Матраимов тууралуу эч нерсе билбегендей болуп келип, президенттик мөөнөтү аяктап калганда эле Раимдин ким экенин түшүнүп калгандай түр көрсөтүп чыга келди. Мындай жомокто гана болот го, жомокто гана.
Ал эми Искендер Матраимовду КСДПга алып келип, ким депутат кылды эле? Ошол эле эгиз козудай болгон Атамбаев менен Илмиянов депутат кылышкан!
Мына маселенин кыскача тарыхы. Бирок Кадыр кенедей бир чындыкты – атасынын башына келген балээнин баарына атасы өзү күнөөлүү экенин… Бийликке өтө берилип кеткенин… Өзүн жана жакын досторун көп иштерге аралаштырып жибергенин… аңдап, түшүнө албай койду.
Атасынын кетирген катачылыктарын мойнуна алып калуунун ордуна, Кадыр элдин баарынын башын айлантып, туура айтылган сындарды угуп көрөйүн деген да жок. Демек, Кадыр адилеттүүлүккө, калыстыкка жетүүнүн ордуна, жөн эле өч алгысы келип жатат. Бирок илгертен бери эле өч алуу жакшылыкка алып барбастыгы айтылат. Муну эч убакта унутпоо керек! Атамбаевдин башына келген катаал тагдыр, тилекке каршы, анын балдарына сабак болбогондой…