Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 55,5 миң адамдан ашты

17

Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 55 миң 554 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 411 жаңы учур катталды. Ал эми 507 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 9 бейтап каза болду.

Өзбекстанда коронавирустан жалпы 51 миң 965 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 460 бейтап каза болду. 3 миң 168 бейтап ооруканаларда дарыланууда.