Шайлоо-2020. Мыйзам бузуу боюнча аймактык шайлоо комиссияларына 19 арыз жана кайрылуу жасалды

62

Алдыдагы шайлоого карата мыйзам бузуу боюнча аймактык шайлоо комиссияларына 19 арыз жана кайрылуу жасалды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында юрист Тариэль Аалиев билдирди.

Анын айтымында, “Общее дело” коомдук фонду алдыдагы шайлоого көз карандысыз байкоо жүргүзүп жатат.

“Бишкектеги кызматкерлерден сырткары аймактарга 116 узак мөөнөттүү байкоочуну жөнөттүк. Жакында 300 байкоочуну да жиберебиз. Биздин байкообуз боюнча БШК партияларга онлайн түрдө съезд өткөрүүгө сунуш киргизгенине карабастан мурункудай эле салттуу түрдө өткөрүлүп келүүдө. БШК тарабынан адамдардын саны боюнча, өткөрүү боюнча чектөө коюлгандыктан биз түз барып съезддерге байкоо жүргүзө алган жокпуз”, – дейт ал.

Аалиев №2 форма боюнча массалык түрдө дарек алмаштыруу фактыларына байланыштуу бардык облустун прокуратураларына арыз менен кайрылганын айтат.

“Азырынча жооп бере элек. “Общее дело” коомдук фондуна 63 эреже бузуу боюнча кайрылуу келип түштү. Алар добуш сатып алуу, администрациялык ресурсту колдонуу, №2 форма жана үгүт иштеринде кетирген катачылыктар боюнча кайрылуулар”, – деди юрист.