Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 млрд 196 млн куб метрди түздү

19

Бүгүн, 28-сентябрда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 млрд 196 млн куб метрди түзөт. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 300 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 242 куб метрге жетүүдө.

Белгилей кетсек, суу сактагыч Нарын дарыясынын жогорку агымындагы мөңгүлөрдүн эриген көлөмүнө жараша толот.