Сутка ичинде 25 медик коронавирустан айыкты

61

Сутка ичинде өлкө боюнча 25 медик коронавирустан айыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, сутка ичинде өлкө боюнча 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Ош шаарында бир жана Ысык-Көл облусунда бир медик ооруп калды.

“Ал эми бир суткада ооруканалардан 3 медкызматкер жана үй карантининен 22 медкызматкер айыгып чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3241 учур катталды, алардын ичинен 2976 медкызматкер айыгып чыкты”, – дейт ал.