Сейтек Качкынбаев: Реформа жана стратегиялык өнүгүү борборун түзөбүз

76

№6 “Ата Мекен” партиясынан талапкер Сейтек Качкынбаев – саясат талдоочу, чыгыш таануучу, Борбор Азиядагы Америка Университетинин профессору. Жети тилде эркин сүйлөйт. Шандуң университетинде байыркы кытай тилин окуса, Жапонияда чыгыш таануу, салыштырмалуу политология боюнча докторантураны бүтүргөн. Ал – “Таза аба”, автоунааларды техкароодон өткөрүүнү жокко чыгаруу боюнча мыйзам долбоорлорун жазган адамдардын бири. “Мамлекетти өнүктүрүүгө 40 кадам” аталышындагы программасын иштеп чыккан. “Билим дааваты” деп аталган агартуучу, шыктандыруучу кербенди демилгелеп, өлкө аймактарын түрө кыдырып, жаштарга жол көрсөтүп, тажрыйбасы менен бөлүшкөн.
Сейтек Качкынбаев мамлекетти башкаруу системасын реформалоо, Кыргызстан үчүн инфраструктуралык мегадолбоорду ишке ашыруу боюнча “Ата Мекендин” алгылыктуу кадамдары тууралуу айтып берди.
Система өзүн-өзү реформалай албайт. “Ата Мекен” муну ишке ашырат
Кептин баары башкарууда жатканы эч кимге сыр эмес. Ошол башкаруу системасындагы мүчүлүштүктөрдү талдоодо эки нерсени эске алышыбыз керек. Биринчиден, бийлик бир колго топтолуп, өлкөбүздө толугу менен президенттик башкаруу орноп калган. Системалуу башкаруунун оңдуу болбой жатканына экинчи себеп – бул эбейгейсиз чоң сектордун тургандыгы, аны тез арада кыскартуу зарыл. Бизде мамлекеттик кызматкерлерден турган калдайган аппарат иштеп жатат. Мисалы, жети облусту карап көрөлү, облусттук милиция, МАИ, прокуратура эмне иш кылып жатат? Булар жок болсо деле аймактар жеке функцияларын жакшы эле аткарышмак. Биздеги 39 министрлик буга кошумча далил. Пайдасынан зыяны көп кызматтарды, агенттиктерди,фонддорду жоюу учур талабы. “Ата Мекен” чиновниктер армиясын үч жыл аралыгында 30% га кыскартууну сунуштап жатат.
Система өзүн-өзү реформалай албайт. Бул – Кыргызстанда гана эмес, бүткүл дүйнөдө ондогон жылдар бою өзүнүн жараксыздыгын далилдеген аксиома. Бизге негизги реформаларды жаратуучу, аларды ыкчам оңдоп-түзөөчү атайын орган керек. “Атамекенчилер” премьер-министрдин алдында Реформа жана стратегиялык өнүгүү борборун түзүү демилгесин алып чыкты. Биз өлкөнү реформалоо процессине ээлик кылбайбыз. Болгону так ишке ашыруу планы бар, майда-баратына чейин жазылган реформалар топтомун ар кайсы партиялардын, бийликтин, жарандык коомдун өкүлдөрү, түрдүү багыттагы эксперттер, анын ичинде чет элдик серепчилер даярдоосун каалайбыз жана ага катышууга даярбыз.
Децентрализация жана дерегуляция учур талабы. Аймактардын баары борборго көз каранды. Бардык иш борбордун уруксаты менен жүрүп жатат. Айылга инвестор келип, өндүрүштү ишке киргизем десе, премьер менен, борбор менен макулдашмайынча бүтпөйт. Биз мамлекеттик көзөмөлдү кыскартабыз.

Парламенттин алсыздыгы – президенттик бийликтин кесепети
Азыркы парламеттин алсыздыгы – президенттик башкаруунун кесепети. Бүгүнкү күндө президенттик институт толугу менен бийликти колуна алып алды. Улуттук коопсуздук кызматы президенттин карамагында, прокуратура, армия, милиция түздөн-түз президентке баш иет. Буларды президент рычаг катары колдонуп, бийликке каршы турган, адил сөзүн айткан партияларга, саясий топторго же жеке адамдарга кылмыш ишин козгоп, аларды опузалап, өзү каалагандай пайдаланат. Ушул көрүнүштөр парламентти тилсиз кылып, Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүнө кедергисин тийгизип жатат. Бул кайсы бир президентке коюлган жеке доомат эмес, жалпы президенттик институт жөнүндө сөз болуп жатат. Абалдан чыгуу үчүн биз босого чекти 3%га чейин түшүрүүнү жана преференциялдык шайлоо системасын киргизүүнү демилгелеп жатабыз. Ошондо гана сапаттуу, эрки күчтүү парламент куралат. Муну менен катар президентти ыйгарым укуктарынан ашпай тургандай кылабыз.
Инфраструктуралык мегадолбоорду ишке ашырабыз
Биздеги инфраструктуралык мегадолбоор – “Кытай -Кыргызстан-Европа” темир жолун куруу. Бул – Кыргыз Республикасы үчүн абдан маанилүү долбоор. Алгачкы демилге 1994-жылдары көтөрүлгөнүнө карабай ишке аша элек. Биз Борбор Азияда камалып калган өлкөбүз, пайгамбарыбыз айткандай, “он ырыскы болсо, анын тогузу соодада”. Биз темир жол аркылуу Кытайга чыгабыз. Кытай аркылуу Түштүк Корея, Жапан, АКШ, Индия, Пакистан, Мексикага чейин жол ачылат, соода жаатында чоң мүмкүнчүлүктөрдү берет.
Кыргызстандыктар чет жакта мусаапыр болбошу керек
Мектепти аяктаган кыргыз уул-кыздарында эки тандоо бар: же окууга өтүш керек, же мигрант болуп Орусияга, дагы башка өлкөлөргө кетиш керек. Эч бир ата-эне жапжаш балдарынын мусаапыр болуп чет жактарда иштеп, башкалардын басымына кабылышын каалабайт. Тилекке каршы, кыргызстандыктардын укуктары өз мекенине эмес, мигрант болуп жүргөн мамлекеттерге ыңгайланышын шарттаган мыйзамдар иштелип чыгууда. Бул абдан өкүнүчтүү. Биз келечек муундардын өз өлкөсүндө бактылуу болушун, иштеп, билим алуусун камсыздап берген мыйзамдарды жаратышыбыз керек. Чакан жана орто бизнеске жеңилдиктерди берүү, эң ири долбоор “Кытай-Кыргызстан-Европа” темир жолун куруунун аркасында жаңы жумуш орундарын түзүү – “Ата Мекендин” башкы максаты. Ошондо гана миграциялык агымды токтотобуз, экономикабыз мигранттардын акча которууларынан көз каранды болбойт.

Алга «Ата Мекен» — №6!

“Ата Мекен” саясий партиясынын шайлоо фондунан (эсептик счет 1299007840002080) каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Д.К.Кулжанова тарабынан төлөндү.
Чыгарылган күнү: 28.09.2020