Ош облусунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

14

Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 28-сентябрь күнү саат 02:32де катталып, очогунда күчү 4 баллга жеткен.

Жердин силкинүүсү Алай районундагы Ачык-Суу, Жайылма, Кашка-Суу айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок.