“Ата Мекен” партиясынын талапкерлери Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын өкүлдөрү менен жолугушту

42

Бишкекте “Ат Мекен” партиясынын талапкерлери Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Иш чарага түрдүү диаспоралардын жана Ассамблеянын жаштар канатынын өкүлдөрү келишти.
Жолугушуунун алкагында “атамекенчилер” өз командасын жана шайлоо алдындагы “Жаңы Дем” программасын тааныштырышты. Бул программада кыргызстандыктардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу гана эмес, улуттар аралык биримдикти чыңдоо, тынчтыкты бекемдөө жана адам укуктарын коргоо багытындагы алгылыктуу сунуштар камтылган.
Катышуучулар Кыргызстандын азыркы абалын, учурдун көйгөйлөрүн достук маанайда талкуулап, “Ата Мекен” партиясынын тарыхы менен таанышып, шайлоо программасын талдоого дагы жетишишти.
Катышуучулар программанын бир катар бөлүмдөрү, жаңыланган курам жөнүндө жакшы пикирлерлерин билдиришти. Ошондой эле “Ата Мекен” партиясынын жалаң кесипкөйлөрдөн куралганы, алтынчы чакырылыштын депутаттарынын активдүү ишмердүүлүгү белгиленди.
«Биз командабыз жана программа тууралуу көптөгөн жакшы пикирлерди уктук., “Жаңы Дем” программасынын таржымалын айтып өттүк. Бул “тирүү” программа, анткени ар бир пункту жарандык коом жана эскперттер менен макулдашылган», – дейт Наталья Никитенко.

Белгилеп кетүүчү жагдай, “Ата Мекен” партиясынын программасы жарандык коомду өнүктүрүү жана ар бир жарандын укуктарынын сакталышына багытталган. Бул багытта “Ата Мекен” төмөнкү сунуштары алып чыкты:
✓адам укугу тармагындагы, өкмөттүк эмес секторду өнүктүрүү, сөз эркиндигин чектөө багытындагы репрессивдик мыйзамдарды жокко чыгаруу;
✓күч структураларына жарандык көзөмөл системасын киргизүү;
✓ЖМКдагы, анын ичинде КТРКдагы сөз эркиндигинин корголушуна, өлкөдөгү түрдүү саясий күчтөрдүн мамлекеттик ЖМКга бирдей деңгээлде чыгышына көзөмөл кылуу;
✓бийлик тарабынан интернетте сөз эркиндигин чектөөгө болгон кандай аракет болбосун каршы туруу.

4-октябрда шайлоого келип, «Ата Мекен» №6 партиясына добуш бериңиз! Кыргызстандын жаңы демин ачабыз!
Алга «Ата Мекен» — №6!
“Ата Мекен” саясий партиясынын шайлоо фондунан (эсептик счет 1299007840002080) каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Д.К.Кулжанова тарабынан төлөндү.
Чыгарылган күнү: 28.09.2020