Кыргызстанда сутка ичинде 166 адам коронавирустан айыкты. Жалпы 42 миң 619

60

Кыргызстанда сутка ичинде 166 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында – 38, Ош шаарында – 24, Чүй облусунда – 21, Ош облусунда – 43, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 5, Баткен облусунда – 31 бейтап коронавирустан айыкты.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 42 миң 619га жетти.