№14″Республика”: Кыргызстандыктар дүйнөгө чачырабай, өз өлкөсүндө бактылуу болуш керек!

126

“Республика” партиясы өлкөнүн бардык аймактарын кыдырып, ​ кыргызстандыктарды “Алдыга жол” программасы​ менен тааныштырууну​ улантууда. Бул жолу Ош облусунун Араван, Алай, Өзгөн райондорунун жана Ош шаарынын тургундары менен жолугушуу болду.

Анда “Республика” партиясынан депутаттыкка талапкер Руслан Казакбаев партия өлкөдөгү экономикалык, саясый жоопкерчиликти толук мойнуна алууга даяр экенин билдирди:

“Эски саясатчылар убада берсе ишенбегиле! Алардын​колунан​ келсе Кыргызстан​ эчак гүлдөп-өнүкмөк! Биз жаңыланышыбыз​ керек! Биз ар бир жараныбыздын жашоосун өзгөртүүгө жоопкерчиликти алганга даярбыз. Буга​чейин берген сөзүбүздү силердин колдооңор менен аткардык. Бул жолу да реалдуу реформаларды​ камтыган “Алдыга жол” программасы менен баратабыз. Кыргызстандагы коррупцияга​ каршы күрөшүүгө бир жол бар – ал шайлоо күнү туура партияны тандагыла. Туура​ тандоо менен коррупционерлерге каршылык​көрсөтөлү! Коррупцияны жалгыз президент же укук коргоо органдары жеңе албайт. Андыктан, биз өзүбүздүн ичибизде, жүрөгүбүздө, акылыбызда реформа жасашыбыз керек. “Республика” партиясынын ​ мамлекеттин келечеги үчүн кызмат кыла турган программасы даяр. Бул программаны ишке ашырсак көп нерсе өзгөрөт, ар бир жаран сезе тургандай жыйынтыкка жетебиз”, – деди Руслан Казакбаев.

“Кыргызстандыктар дүйнөгө чачырабай, өз өлкөсүндө бактылуу болуш керек” – дейт экс-вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова:​

“Биз Жогорку Кеңешке жөн эле мандат алабыз деп барган жокпуз. Биз өзгөрүүлөрдү​ киргизүү​үчүн баратабыз!​ Чет мамлекетке чыкканда​ ал жактагы жашоону көрүп, эмнеге биз ушундай ​ ​ деңгээлдеги​жашоого​ жете​ албайбыз​деп​ ойлоносун. Кыргызстандын эли татыктуу​ жашоодо​ күн​кечирүү​ үчүн​ бардык шарт жана мүмкүнчүлүктөр бар! Биздин​ эл​дүйнөгө чачырабай, өз өлкөсүндө бактылуу болушу керек! Биздин өкмөт бат-бат алмашып,​ жеке кызыкчылыктар үстөмдүк кылып, ар кандай саясый оюндар орун алып атып​​ коңшу мамлекеттерден артта калдык. Ошондуктан, туруктуулукту тандоого зарыл! Биз добуш берүүдө​ ​ ката кетиргенге укугубуз жок, анткени, добуш берүү – балдардын келечегин тандоо, өлкөнүн​ келечегин тандоо!​ ​ “Республика” партиясын тандап, бизге мүмкүнчүлүк берсеңер, бизде мыкты​ премьер-министр, министр боло турган инсандар​ бар. Ийгиликтүү натыйжага жетүү үчүн туруктуу команда керек, ошондо гана жыйынтык болот. Парламентке “Республика” партиясы келсе биздин жашоо-турмушубуз бир жылда оңолот. “Республиканы” колдосоңор эч качан өкүнбөйсүңөр. Биз силерди эч качан жер каратпайбыз!”, – ​ деди.

“Республиканын” курамын таза, элдин кызыкчылыгын коргогон, коррупцияга аралашпаган адамдар түзгөндүктөн​ ушул​ партия менен бирге барууну​ чечтим​дейт​ ​ экс-биринчи-вице-премьер-министр Аалы Карашев:​ ​

“Келечек үчүн, Кыргызстанга кызмат кылабыз деген үчүн кошулдум. Мирлан Жеенчороев, Руслан Казакбаев, Алтынай Өмүрбекова , жакында эле губернаторлук кызматынан кеткен Узарбек Жылкыбаевди карагыла. Ушулардын ичинен бирөөсүнө карата “булар уурдап алды, же жеп​ алды” деп ким айта алат? Эч ким айта албайт, себеби андай болгон эмес! Таза шайлоо өткөзөлү, беш, он тыйынга алданбайлы! Эки миң сомдун өмүрү кыска – көп болсо эки күн! Ошондуктан, баардык жагын талдап, таразага салып туруп​ шайлагыла! Эч ким силерди мажбурлай албайт! Биздин программа “Алдыга жол”, он жылдык тарыхы бар, репутациясы​ таза “Республика” партиясын​ колдоңуздар!”, – деди Аалы​ Карашев.

“Республиканын” жаш талапкери Нуризат Туйгунбек кызы “акчалуулардын айтканына алданбай, ар-намысты тандагыла, билимдүүнү, кесипкөйдү тандагыла!” деп кыргызстандыктарга кайрылды:

“Менин жашым 24тө, “Республика” партиясынын эң жаш талапкерлеринин биримин. “Республикада” таза, элге кызмат кылган, ​ демилгелүү, өнүгүүгө багыта алган ​ жарандар чогулгандыктан мен бул партияга кошулдум. Биздин партия менен биргеликте өнүккөн мамлекет курабыз. “Республика” — №14! Биздин партияны тандаңыздар!” ​

“Республика” партиясы мамлекеттик башкаруу боюнча сунуштаган реформалоо пакетине президенттик институтту​ жоюу, депутаттардын санын 75ке чейин кыскартуу, министрликтерди 16дан 7ге кыскартуу, УКМКны, анын курамындагы Коррупцияга каршы кызматы жана прокуратураны жоюу кирет! Партия жумуш орундарын жана бизнести өнүктүрүүнү башкы артыкчылык деп белгилеген: айыл чарба насыялары 5% чейин, мамлекеттик ипотека насыялары 6% чейин, беш салыктын ордуна бир салык​киргизүү, саламаттык сактоо, билим берүү, туризм жана технология тармактарын салыктардан бошотуу кирет. “Республика” бардык мамлекеттик компанияларды жоюп, андан түшкөн каражатты чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө багыттоону сунуш кылат. Орто​жана кичи бизнес экономиканын негизин​түзгөндүктөн, “Республика” партиясынын программасында бул тармакка 3% насыя берүү каралган.

https://www.youtube.com/watch?v=9AYSOv3U3Uo​ ​

Буйрутмачы: “Республика” саясий партиясы. ИНН​01708200710163.​ “Республика” саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү, каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тортаева А.А.​