“Республика”, №14: Партия калктын кызыкчылыгын ар дайым коргойт!

119

Бишкек шаарынын Свердлов районунун тургундары “Республика” партиясынын депутаттыкка талапкерлери менен жакын танышууга мүмкүн алды. Жолугушууга партиянын мүчөлөрү Кыргызстан кандай реформаларга муктаждыгын айтып беришти. Иш-чараны баштаган ички иштер министринин мурдагы орун басары Манас Акматбеков “Республика” мыйзамдардын иштөөсүн камсыздоого даярдыгын билдирди:

“Биз парламентке элдин келечеги үчүн бара жатабыз. “Республика” кыргызстандыктардын жашоосун жакшыртуу үчүн демилгелерди көтөрүп, калктын кызыкчылыгын парламенттен ар дайым коргойт. Биз мыйзамдардын иштөөсүн камсыздайбыз. Пандемия учурунда көп ишкерлер жумушсуз отуруп калды. Бул кырдаал кайра кайталанбаш керек. Ошондуктан, алар ар кандай абалда иштей берген шарттарды тузүп беришибиз керек. Урматтуу жарандар, чын жүрөктөн “Республиканы” колдоп, Алдыга жолду колдогула!”, – деди Акматбеков.

“Республика” партиясынын курамындагы элге кызмат кылууга даяр инсандар чогулгандыгын да депутаттыкка талапкер Айдар Турсунбек уулу эске салды:

“Мен кыргыз элиме кызмат кылам деп аскер болууну каалагам. Коп жылдан бери АКШда, Россияда окуп жүрүп өз жериме келип, элиме кызмат кылайын дегем. Бирок, мага андай мүмкүнчүлүктү беришкен жок. Ошондуктан, мен Кыргызстандагы олуттуу реформаларды өткөрүүгө даяр болгон “Республиканы” колдодум. Анткени, бул партия, башкалардан айырмаланып, президенттин укугун кыскартууга, укук коргоо органдарын реформалоого даяр! Кыргызстанды саткындардан сактайлы! Шайлоо күнү акча берип, добушуңарды камерага тартабыз дегендерден коркпой, мамлекетке чын жүрөктөн кызмат кылгандарды парламентке алып келели!”, – деп талапкер жыйынтыктады.

“Республика” партиясы мамлекеттик башкаруу боюнча сунуштаган реформалоо пакетине президенттик институтту жоюу, депутаттардын санын 75ке чейин кыскартуу, министрликтерди 16дан 7ге кыскартуу, УКМКны, анын курамындагы Коррупцияга каршы кызматы жана прокуратураны жоюу кирет! Партия жумуш орундарын жана бизнести өнүктүрүүнү башкы артыкчылык деп белгилеген: айыл чарба насыялары 5% чейин, мамлекеттик ипотека насыялары 6% чейин, беш салыктын ордуна бир салык киргизүү, саламаттык сактоо, билим берүү, туризм жана технология тармактарын салыктардан бошотуу кирет. “Республика” бардык мамлекеттик компанияларды жоюп, андан түшкөн каражатты чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө багыттоону сунуш кылат. Орто жана кичи бизнес экономиканын негизин түзгөндүктөн, “Республика” партиясынын программасында бул тармакка 3% насыя берүү каралган.