Сүйгөн кызы башка жигит тапты деп кызды, ата-энесин жана бир тууганын кошо өлтүрүп салган

497

Жыйырма беш жаштагы жигит кызганычтан улам кыздын үй бүлөсүн кошо өлтүрдү. Бул тууралуу  Kurier гезити жазып чыкты.

Алардын маалыматында, каргашалуу окуя  Австриянын Китцбюэле курорттук шаарында  болгон. Кылмышка шектелген жигит эки ай мурун пикир келишпестиктен улам эки башка жолго түшкөн сүйүктүүсүн башка жигит менен отурушка барганын көрүп калат.
Отуруш тарагандан кийин жигит кыздын үйүнө барат. Эшикти такылдатса атасы ачат. Атасын сүйлөөгө жеткирбей тапанча менен башка атат. Андан кийин чуркап келген апасы менен кыздын мектеп жашындагы энесин өлтүрөт. Аягында кызды кыйноо менен бычактап өлтүргөн. Баары өлгөнүнө көзү жеткенде гана жигит полицияга барып беш киши өлтүрдүм деп тапанча менен кан болгон бычакты тапшырган.
Бул окуядан улам шаар эли мындай мыкаачыны өлтүрүү керек деп толкуп чыккан. Ал эми шаардын мэри болсо «бул шаардын тарыхында мындай мыкаачылык менен өлтүрүлгөн кандуу окуя болгон эмес»-деп мойнуна алуу менен жигитти өмүр бою эркинен ажыратууну суранган.FacebookTwitterWhatsApp