Эльвира Сурабалдиева: Бизге бут тосуулар болуп жатат!

311

«Ата Мекен» №6 партиясынан депутаттыкка талапкер Эльвира Сурабалдиева саясий партиялардын үгүт компаниялары тууралуу айтып жатып, коомчулукту дагы бир жолу таза шайлоого чакырып кетти.
“Ата Мекен” башка партияларга салыштырмалуу тизме лидери менен бирге өлкө боюнча эң көп жолугушууларды өткөрүп жатканын белгиледи.

«Айыл тургундарынын, түрдүү социалдык катмардын, түрдүү курактагы адамдардын келиши, бул жолугуушулардын сапатынан кабар берет. Башкача айтканда, бизде мажбурлап алып келген мамлекеттик кызматкерлер же акча алып адам санын көбөйткөн топтор чогулган жок», – деп белгиледи Сурабалдиева.

«Ата Мекен» №6 партиясынын талапкерлери аймактардагы жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын ортончу звеносунун абийирсиз кадамдарына күбө болуп жатабыз дейт ал.

«Өлкө аймактарындагы аз сандагы баннерлерибизди жыртып, үгүтчүлөрүздү коркутуп-үркүтүп, эл менен сүйлөшүү учурунда электр жарыгын өчүрүп, айрым партияларга тиешеси жок мыйзамдар бизге келгенде иштеп, айып дагы төлөп жаттык. Күтүүсүз телефон чалып, менин эч кандай тиешем жок иш боюнча Аскер прокуратурасына “чакыруу” боюнча айтпай эле коеюн. Бул өзүнчө сөз. Бирок, кыйынчылыктар бизди чыйралтып, күч берет экен. Аймактарга жолугушууларды уюштурууга көмөктөшкөн партиялаштарга өзгөчө ыраазычылык. Сиздер бизге дем берип, шыктандырып турдуңуздар», – деди Эльвира Сурабалдиева.

Сурабалдиева расмий маалыматтарга караганда, Бишкек менен Чүй областында эле 260 000 адам участкасын алмаштыргандыгы тууралуу маалымат менен бөлүшө кетти.
«Аймактардагы жолугушууларда эл алдында сүйлөп жатып, паспортуңарды бербегиле, добушуңарды сатпагыла, баарына каршы добуш бербегиле деп айтып жаттык. Анткени мындай кадамыбыз менен оппозициялык партиялардын парламентке келүү шансын азайтып жатабыз. Биздин кесиптешибиз айткандай, паспортуңарды ишенип тапшырып, ордуна бюджеттен уурдалган 2000 сомду алган болсоңуз, алар сизди унаасына салып, участкага жеткирсе, мындай мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, бирок кабинага кирип өзүңүз тандаган партияга добуш бериңиз», – деп айтты Сурабалдиева.

«Ата Мекен» №6 партиясынын талапкери мекендештердин 4-октябрь күнү жарандык жоопкерчилигин көрсөтөт деп айтып өттү.

«Урматтуу кыргызстандыктар, 04.10.2020 сөзсүз шайлоо участкасына келип, көңүлүңүз түшкөн, жүрөгүңүз сунуштаган партияга добушуңузду бериңиз. Биз, “Ата Мекен” партиясынын талапкерлери, өз кезегибизде элдин таламын талашып, жарандардын кызыкчылыгын коргоп, Кыргызстандын келечеги үчүн күч жумшап, мурдагы позициябызды уланта беребиз», – деп белгиледи Эльвира Сурабалдиева.
4-октябрда шайлоо участкасына келип, “Ата Мекен” №6 партиясы үчүн добуш бериңиз. Биз Кыргызстандын жаңы демин ачабыз.

“Ата Мекен” саясий партиясынын шайлоо фондунан (эсептик счет 1299007840002080) каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Д.К.Кулжанова тарабынан төлөндү.
Чыгарылган күнү: 25.09.2020