Эжем бай жерге турмушка чыккандан бери апам менен сүйлөшпөй калды

79

«Апам небересин көргүсү келет»Апам экөөбүз азык-түлүк алганы супер маркетке барганбыз. Көнгөн адат боюнча базарга эле түшсөк болмок экен. Конфет тандап жүрүп жездеме жолугуп калдык. Бизди карап, учурашпай басып кетти. Мен го мейли, апама боорум ооруду. Байкушум эмне кылаарын билбей, «кел муну ала берели»,- деп, алдактап калды. Үч бир тууганбыз. Уулусу эжем, мен ортучусу, кичүүсү иним. Апам бизди жалгыз өстүрдү. Эч качан катуу сүйлөп урушкан эмес. Контрагыбыздын акчасын төлөш үчүн түнү менен иштеди. Апам өзүнө эч нерсе сатып алчу эмес, биздин эски кийимдерди кийип алат эле. Жездемдин ата-энеси бай. Бизди теңине албайт. Эжем үйгө келгенде чогуу кирбей, сырттамашинасында күтүп отура берет. Эжем дагы ага турмушка чыккандан кийин өзгөрө баштады. Мурдагыдай үйгө бат-баттан келбейт. Социалдык тармактарынан чогуу түшкөн сүрөттөрүбүздү өчүрүп салды. Апам чалса жооп бербейт. Жездем болсо көз көрүндү эле турбканы басып коет. Карыган апам кабатыр болуп, чалганын токтотпойт. Деги койчу, небересин көрсөтүшпөйт. Апамдын ыйлап отурганын көрүп эжеме болгон жек көрүүм күчөп барат. Эжемден бул нерсени күткөн эмесмин! Апам бизди кантип чоңойтконун унутуп койгон сыяктуу. Айтыңызчы, эжеме туура эмес кылып жатканын кантип түшүндүрсөм болот?FacebookTwitterWhatsApp