«Челюсть» каймана ысымдуу Алтынбек менен Саймаити кандай байланышта болгон?

570

“Бир бол” партиясынан талапкер Гүлнура Төралиева өзүн кыйын бир пиарчы сезип, алардан Жогорку Кеңештин VI чакырылышынан болгону эки депутат – эки чимкирик шайлоого баратканын айтып, мактаныптыр.

«Албетте, болгону экөө гана, бирок бул экөө, болгондо да кандай экөө?! Бул экөө 10 чимкирик депутатка барабар…» Мындай публикациясы менен Төралиева кожоюну “челюсть” деген каймана аты бар Алтынбек Сулаймановго жагынам деп жатып, артык кылам деп тыртык кылып алды. Төралиеванын калтырган постунун астына соцтармак колдонуучулар «челюсть» тууралуу толгон-токой компромат боло турган маалыматтарды калтырышкан.

Маселен, Сулайманов кытай бизнесмени Айэркен Саймаити менен яхтада эс алып жаткан видеосу өтө кызык болгон.

Бул видеонун астында “Тасмада эч кандай деле таңгала турган эч нерсе жок, бирок бул эс алуу 2014-жылы 27-декабрда 7 млн. доллар уурдалган Ош аэропортундагы чоң тоноодон кийин болуп жатат. Мына ушинтип Турцияда яхтада майрамдашкан бул кылмышты заказ кылгандар. Алар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Алтынбек Сулайманов, Замир Сыргабаев жана каза болгон бизнесмен Айэркен Саймаити.

Андан көп өтпөй эле жергиликтүү ЖМКларга Сулайманов Саймаитини тааный тургандыгын, бирок аны менен Кытайдан товар алып чыкккан анын инилери иш кылышканы боюнча маек куруп берген. Бирок жогоруда айтылып жаткан видеодо Сулайманов абдан жакын бир компания менен чогуу эс алып жатканы көрүнүп турат, демек, ал Саймаити менен абдан тыгыз байланышта болгон. Анда эмне үчүн Сулайманов аны инилери аркылуу гана тааный турганын айтып, жанын жеген?

Саймаити менен тааныштыгы боюнча аны УКМКдан дагы суракка алышкан. Ал бул жерден дагы калп айткан. Сулайманов криминалдык дүйнө менен байланышын четке кагып келет.

Ал тургай аны эч ким суракка албаганын жана ал керек болсо бир да жолу милицияга түшүнүк кат жазып көрбөгөнүн айтып жүрөт. Бирок аны УКМК жөн эле чайга чакырбаса керек, ал Саймаитинин өлтүрүлүшү жөнүндө иш тууралуу жазуу жүзүндө көрсөтмө берди болуш керек. Бирок УКМК деген милиция эмес да, Сулайманов барып алып эле ар кайсыны айта берсе ишене бергидей.

Жогоруда айтылган комментарийлерде эрежесиз эр уруштун мурдагы мушкери Замир Сыргабаев депутат Алтынбек Сулаймановдун жакын адамдарынын бири экени белгиленет. Ал Ош аэропортунун VIP-залында отурган ишкерлерге талоончулук кылууга шектелип кармалган.  ИИМдин маалыматтар базасында ал Кызыл-Кыя уюшкан кылмыштуу тобунун (УКТ) лидери катары катталган.

Айрым маалыматтар боюнча тоноочулукту Сулайманов заказ кылган, наводчиги Саймаити, ал эми ишти аткаруучусу Сыргабаев болгон. Бул тонолгон бизнесмендер өздөрүнчө иликтөө жүргүзүшүп, аэропорт аркылуу акча алып бара жатканы тууралуу маалымат Саймаитиден кеткенин аныкташканы айтылат. Бул боюнча сурак болорун билген Саймаити Оштон Стамбулга качууга аргасыз болгон.

Саймаитинин Стамбулда өлтүрүлүшүнөн кийин Сулайманов өзүнчө эле күйүп-бышып калган. Депутаттык комиссия түзүүнү сунуштап, ага мүчө болуп кирип, бирок комиссияга мүчө болуп алганы боюнча ызы-чуулар көтөрүлүп кеткенде андан чыгууга мажбур болгон. Парламенттин трибунасынан атайын сөз алып сүйлөп, Саймаитини өлтүргөндөр жебенин учун ага буруп коюушу мүмкүндүгүн кыйытып, Саймаитини өлтүрүүгө заказчыны аны кылып коюушу мүмкүндүгүн айткан.

Албетте Сириядан киллерлерди жалдап, аларды Стамбулга жөнөтүү – бул Сулайманов менен Кызыл-Кыя УКТсынын деңгээли эмес. Бирок Сулайманов менен ар кандай көмүскө иштерди жасоо Саймаитинин өлүмүнө себеп болду. Баягы тонолгон бизнесмендер же алардын артында турган Кытайдагы олуттуу кишилер өч алышы толук мүмкүн.

Мына ошондуктан Сулайманов кайрадан жаңы парламентке келүүнү көздөп жатат. Ага депутаттык кол тийбестик жөн эле абадай керек болуп жаткан кези. Эгерде «челюсть» мандат ала албаса, анда андан да сурак алчу мезгил келет.

Нургазы Айтмырзаев

Булак: Де факто