Тагдыр(18+) «Үйгө кирсем күйөөм досу менен жатып алыптыр»

134

Күйөөгө тийгенде да байкап тийиш керектигин өзүмдүн жашоомдон улам байкадым. Азыр алты айлык уулум менен төркүнүмдө отурам. Бир туугандарымдын көзүн карай албай калдым. Уулумду алар жаман көзү менен карап, колуна шуру же башка кыздын оюнчугун алса: “Атасын тарткан го”-деп зекишет. Бул мага оор тиет. Күнөөсүз баламды жаман сөздөн коругум келет. Бирок алым жетпей кетип жатат. А күйөөм болсо өзүнүн кызыкчылыгын ойлоп бир да жолу сурап койгон жок.
Эки жыл мурун күйөөм менен кафеден таанышкам. Илбериңки келген сылык сыпаа ак жуумал жигит мени бат эле арбап алды. Бир жылдай сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Жакын досу тынбай келип экөө бирге иштечү. Кээде экөө иштеген жеринде түнөп калышчу. Алардын мындай кадамдарына маани деле берген эмесмин. Ошентип уулду болдук. Уулум ыйлаак болуп апамдын үйүнө бардым. Алар карашып, бир жарым айдан кийин улуу агам шаарда жашаган эжекемди шаарга жеткирип келмек болуп калды. Мен да алар менен кошо жолго чыктым. Оюмда бизди үйдө атабыз кубанып тосуп алат деп кубанам. Көрсө бул менин күйөөм менен акыркы жолугушуу экен. Алгач мени жеткирип андан кийин агам эжемдикине бармай болду. Күйөөмө чалсам албай койду. Өзүмдүн ачкычым менен ачып үйгө кирдик. Конок үйдө жерге салынган төшөктө күйөөм жылаңач кучакташып жатат. Турган жеримде катып калдым. Артыман келе жаткан эжем: “Э кокуй бул эмнеси тигиниси эркек го”-деп ийди. Агам болсо экөөнү бир карады да сыртка чыгып кетти. Бизден улам ойгонуп кеткен күйөөм досу экөө жуурканды талаша жамынып отуруп калды. Эжекем албууттанып күйөөмдү каргап шилеп, мага кеттик деди. Сыртка чыксам, агам мага кайра айылга кетесиң деди. Анын айткан мага мыйзам эле. Унчукпай агам менен шаарга келе бердим. Эжекем болсо үйдө калган оокаттарымды кийим-кечемди алып мага салып ийди. Көрсө күйөөм досу менен интим мамиледе көптөн бери жүргөн экен. Анын азабын уулум экөөбүз тарпасак экен деп кудайдан тилейм. Уулум чоңойсо атаңды досу менен төшөктөн кармап алгам деп кантип айтам.

Аргумент.кж