Сутка ичинде 13 медкызматкер коронавируска кабылды

19

25.09.20.  Сутка ичинде өлкө боюнча 13 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте 4, Ош облусунда 2, Ош шаарында бир, Жалал-Абад облусунда 2, Баткен облусунда 4 медик ооруп калды.

“Ал эми бир суткада ооруканалардан 5 медкызматкер жана үй карантининен 17 медкызматкер айыгып чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 227 учур катталды, алардын ичинен 2 918 медкызматкер айыгып чыкты”, – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 25-сентябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуккан 175 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 45 миң 932ни түзөт. Алардын ичинен 42 миң 147 киши айыгып чыкты, 1 миң 63 адам каза болду.