“Республика” №14: Жаштар өзгөрүүнү каалайт!

286

“Республика” партиясынын ордолуу Ош шаарынын тургундары менен болгон жолугушууда эң жаш талапкер Нуризат Туйгунбек кызы шайлоочуларга кайрылды:

“Менин жашым жыйырма төрттө, “Республика” партиясынын эң жаш талапкерлеринин биримин. “Республикада” таза, демилгелүү, элге кызмат кылууга жана өлкөнү өнүктүрүүгө даяр адамдар чогулгандыктан ушул  партияга кошулдум. Биздин партия менен биргеликте өнүккөн мамлекет курабыз. Биздин партияны тандаңыздар!”

“Республика” партиясынын жаштар канатынын өкүлү Айдай Сыдыкованын айтымында, Кыргызстандын жаштары өзгөрүүнү тандашат.

“Бүгүнкү күндө силер өз добушуңар менен эч нерсени чече албайсынар деп ишендирүүгө аракет кылып жатышат. Бирок, жаш муун таза шайлоого ишенет. Жаштар өзгөрүүлөрдү жактайт! “Республика” партиясын колдогон жаштардын саны күн сайын өсүүдө. Анткени “Республика” жаштардын муктаждыктарын канааттандырат! Өзүбүздүн жарандык милдетибизди так аткарып, “Республиканы” тандасак эч качан адашпайбыз”, – деп Айдай Садыкова жаштарды туура чечим кабыл алууга чакырды.

“Республика” партиясы мамлекеттик башкаруу боюнча сунуштаган реформалоо пакетине президенттик институтту жоюу, депутаттардын санын 75ке чейин кыскартуу, министрликтерди 16дан 7ге кыскартуу, УКМКны, анын курамындагы Коррупцияга каршы кызматы жана прокуратураны жоюу кирет! Партия жумуш орундарын жана бизнести өнүктүрүүнү башкы артыкчылык деп белгилеген: айыл чарба насыялары 5% чейин, мамлекеттик ипотека насыялары 6% чейин, беш салыктын ордуна бир салык  киргизүү, саламаттык сактоо, билим берүү, туризм жана технология тармактарын салыктардан бошотуу кирет. “Республика” бардык мамлекеттик компанияларды жоюп, андан түшкөн каражатты чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө багыттоону сунуш кылат. Орто жана кичи бизнес экономиканын негизин  түзгөндүктөн, “Республика” партиясынын программасында бул тармакка 3% насыя берүү  каралган.

Буйрутмачы: “Республика” саясий партиясы. ИНН  01708200710163. “Республика” саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү, каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тортаева А.А.