ОРУСИЯДА СУТКА ИЧИНДЕ 6 МИҢДЕН АШЫК АДАМДАН КОРОНАВИРУС АНЫКТАЛДЫ

26
Miniature people doctors with protective suit prevention of pandemic Covid-19 and Coronavirus, surgical mask with Covid-19 text written on it with stethoscope, dramatic toned

Орусиянын 84 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 6 миң 595 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 149 адам каза болсо, 6 миң 130 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда. Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:

Москва шаарында – 1050 (айыккандар 1304);

Москва облусунда – 205 (айыккандар 169);

Санкт-Петербург – 215 (айыккандар 110) Ростов облусунда – 189 (айыккандар 144) адам жана калгандары башка аймактардан.

Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 1 миллион 128 миң 836 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинен 19 миң 948 адам каза болсо, 929 миң 829 бейтап айыгып чыкты.