Кыргызстанда 24,1 миң адам кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул алат

30

 Кыргызстанда кош бойлуулук, төрөт жана расымдык жөлөкпул алуучулардын жалпы саны 2020-жылдын 1-сентябрына карата 24,1 миң адамды түздү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду алуучулардын саны – 22,3 миң адам, расымдык жөлөкпул – 1,8 миң адам.

Министрликтин маалыматы боюнча, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун орточо өлчөмү – 10 273,7 сомду түзгөн. Расымдык жөлөкпулдун орточо өлчөмү – 3 423 сом.

Каржыланган жөлөкпулдардын жалпы суммасы – 235,8 млн сомду түзсө, алардын ичинен кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулга – 229,6 млн сом жана расымдык жөлөкпулга – 6,2 млн сом сарпталган.