БШК эки талапкерди шайлоодон четтетти

36

Борбордук шайлоо комиссиясы Аравандагы эки партиянын мушташынан улам эки талапкерди шайлоодон четтетти. Бул тууралуу 24-сентябрда БШКнын жетекчиси Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Маалыматка ылайык, шайлоодон четтетилген талапкерлердин бири Шүкүрулло Файзуллаев «Биримдик», Илхом Маннанов «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер болуп катталган.

Эске салсак, Араванда «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен «Биримдик» партиясынын тарапташтарынын ортосунда чыр чыккан. Чыр учурунда 12 киши денесинен ар кандай жаракат алып ооруканага түшкөн. Бул боюнча алты киши камакка алынып, териштирүү иштери жүрүүдө.