Бакиевдин «желдеттерин» ээрчитип барып, Мухтар Ɵмүракуновдун бейитине куран окуган «Замандашчылардын» калпыс кадамы абийирге сыябы?

659

Кезинде, тагыраагы 2007-жылы түзүлгɵн «Замандаш» партиясы калың элдин колдоосуна арзып турганын жакшы билебиз. Анда партиянын башында кыргыздын кыраан жигити Мухтар Ɵмүракунов турчу. Аттиң, бири кем дүйнɵ деген чын окшобойбу, чыгаан азаматты толуп-ташып турган кезинде ажал тооруп, элге кызмат кылар маалында арабыздан жулуп кетти. Аргасыздан жер муштадык, азыр «Жараткан тиги дүйнɵдɵн жакшылыгын буюрсун» деген сɵздɵн башкага жарабай турабыз. Албетте, Мухтар мырза татыктуу сыйга эгедер инсан экени маалым, бирок бүгүнкү күндɵ ал кишинин маңдай тер тɵккɵн эмгектерине түкүргɵндɵй мамиле кылынып, жүлүн зыркыраткан, зээн кейиткен, ич ачыштырган тескери иштер жасалып жатканы бизди кеп козгоого аргасыз кылды. Атай айтсак, Мухтар мырза эртеңки күнү элдин керегине жарайт, мамлекеттин ɵнүгүшүнɵ салымын кошот деген илгерки үмүт, изги тилек менен түптɵп кеткен «Замандаш» партиясын итпай-чотпайлар тарпын чыгарышып, кендирин кесишип, канкорлорго талпак кылып жайып беришти.

Тээ байыртан бери кыргызда: «Арбак ыраазы болмоюн, тирүүнүн иши оңолбойт» деген нускалуу кеп айтылып келет. Ошонун бүгүнкү күндɵгү далили «Замандаш» партиясынан тастыкталды десек жаңылышпайбыз. Маселен, ɵлкɵбүздɵ мыкты адамдар кырылып калгансып, быйылкы парламенттик жарышка канкор Бакиевдин желдеттерин самтыратып тизип алганы ɵтɵ орой, ыплас иш болду. Бул кимисинин идеясы болсо дагы ɵтɵ калпыстык болгонун бетке айтып, белгилеп коюу биздин милдетибиз. Ооба, чындыкка чычалап бүгүн алар тарынышар, сɵгүп-сагып бизди жаман кɵрүшɵр, бирок эртең шайлоодон кийин адилеттүү сɵздɵр айтылганын «замандашчылар» сɵзсүз моюндайт. Моюндаганга аргасыз болот. Анткени, бетке айткандын заары жок дейт, Мухтардын арбагын кɵзкɵрүнɵɵ тебелешти. Бул ишке унчукпай койгонго болбойт. Эгер «замандашчылар» айтылган сɵздү калп дешсе, анда канкор бакиевдердин адилетсиз, зɵɵкүр бийлигине М.Ɵмүракунов бүткүл партиялаштары менен каршы чыккан эмес деген жообун узатып кɵрүшсɵнчү! Анте алышпайт, ага биринин да абийири жол бербейт. Себеби, Апрель революциясы болгон күндүн эртеси Мухтар агабыз партиялаштарын ээрчитип чыгып, шейит кеткен балдар үчүн Ала-Тоо аянтына эстелик койгон. Анын бул кадамы Бакиевдер менен келишкис душман экенин тастыктаган, муну эч ким жокко чыгара албайт. Эми бүгүнкү күндɵгү мите-курттардын кылыгын караңыздарчы, Мухтар агабыздын жана революцияда мекен үчүн курман болгон балдардын арбагын сыйлабастан партияга канкорлордун баарын жыйнап, алардын кан жыттанган ыплас тамандары менен «Замандаштын» тɵрүн тепсетип салышты. Мындан ɵткɵн кордук барбы? Ушинтип, кɵзкɵрүнɵɵ арбакты нааразы кылып, заңдап жатышса, булардын иши оңолобу?

Атың ɵчкүр канкор Бакиевдер менен бирге элди эзип, аягында жаш жигиттердин канын суудай агызган «чɵɵлɵр» акчанын күчү менен мыйзамды аттап ɵтсɵ да, эл кечире элек. Алар ɵмүр бою жазаланса дагы эч качан кечирим берилбейт, анткени кыргыздын кырчындай болгон ондогон азаматтарын кырып кетишкен. Алар бүгүн ар кандай жол менен арга издеши ыктымал, бирок тарыхта аттары сɵзсүз кара тамга менен жазылат. Муну ар бир замандашыбыз билет. Мындан улам абийирди туу туткандар канкор бакиевдердин желдеттерин тɵрүнɵ жакын жолотмок турсун, бирге отуруп чай да ичпейт. Алар адам ɵмүрүн кыйган саясий «ɵлүктɵр». Бирок, ошол кан жыттанган «ɵлүктɵрдү» эл сыйлаган «Замандаш» партиясы катарына тизип, тирилткени жатканы коомчулуктун кабыргасын кайыштырып, жүлүнүн зыркыратты. Маселен, Элмурза Сатыбалдиевди «Замандашка» кошуп, Мухтар Ɵмүракунов таптаза кармаган партиянын ыйык тɵрүн кирдеткенге кимисинин дити барды экен? Бул эргул Бакиевдин Башкыпрокурору катары анын кылмыштуу тапшырмасын аткарганы жалганбы?! Апрель революциясынан кийин качып кете албай кармалып, ондогон азаматтын ɵлүмүнɵ байланыштуу канкор бакиевдер менен бирге соттолбоду беле? Мындай адамды тизмеге киргизүү, биринчиден партияны ɵлтүргɵнгɵ барабар. Экинчиден, Мухтар ага менен Апрель революциясында шейит кеткен балдардын арбагына түкүргɵнгɵ жатат.

Айланайындар «замандашчылар», душмандан бетер кыргыздын канын суудай агызып кеткен Бакиевдин желдеттеринен жалгыз гана Сатыбалдиевди эмес, башкасын да койнуңарга киргизип, колтугуңарга катып алганыңарды кантип түшүнɵбүз? Апрель баатырларынын арбагын каалагандай тайраңдап тебелеп-тепсесеңер дагы, жок дегенде байболгурлар Мухтар агабыздын арбагын сыйлап койсоңор болбойбу? Тɵңкɵрүштɵ уулунан ажыраган энелердин жүрɵгүн канатып, атасынан айрылган балдардын жүлүнүн зыркыратып, мындай кадамга кантип бардыңар? Эшигине жолотмок турсун, адамдар кол берип кɵрүшпɵй калган Закиржан Бакиевдин арам тамак желдеттери – Искендер Гайпкулов, Мавлян Амракулов, Улугбек Ормонов, Алмазбек Акматов дегендерге кантип «коюнуңарды» ачып бердиңер? Ачып эле тим болбостон, бакиевдердин желдеттерин уялбастан, бетиңерди кызартпастан ээрчитип барып, Мухтар Ɵмүракуновдун бейитине кантип куран окудуңар? Силердин бул кадамыңар Мухтарды сыйлаганга эмес, «Мына сен түптɵгɵн партиянын ыйык тɵрүн канкор Бакиевдин желдеттерине тебелетип жатабыз», – шылдыңдаганга барабар эмеспи? Бери дегенде кыргыздын наркын сыйлаганды билбегендер элдин тɵрүнɵ чыгып, парламентке келгенге акысы барбы? Тɵрүңɵрдү канкорлорго тепсеткениңер аз келгенсип, «Биз убада бербейбиз, аткарабыз» деп какшап жатасыңар. Айткылачы «замандашчылар», кимдин тапшырмасын аткарасыңар? Тɵбɵңɵргɵ Бакиевдин кылмыштуу тапшырмасын аткарып, балдарды кырып кеткендерди чыгарып алдыңар, эртең биздин шорубузду кайрадан шорподой кайнатпайсыңарбы?.. 

Ии, баса унута электе айтып ɵтɵлү. «Замандаш» партиясынын арка-жɵлɵгү болуп келген «Замандаш» ассоциациясы агынан жарылып, партиянын азыркы лидери алдыдагы шайлоодо упай топтош үчүн тарыхый фактыларды бурмалаганын, биримдиктин иштерин жана эмгектерин ɵзүнɵ ыйгарып алганын белгилеп, «Окшош аталыш азыркы лидерге ассоциациянын жасаган иштерин партияныкы катары кɵрсɵтүп, элдин башын айландырууга мүмкүнчүлүк берди. Партия эч качан мигранттар менен иштеген эмес. Бул иш менен «Замандаш» ассоциациясы алектенет» деген билдирүү таратты. Аталган билдирүү «Замандаштын» ичиндеги жараканы ачыкка чыгарып, партиянын катардагы күйɵрмандары «канкорлордун» тɵргɵ чыкканына кабатыр экенин тастыктады. Ошондой эле «Замандаш» партиясы эң негизги колдоочулары болгон мигранттардан кол жууганын далилдеди.

Эржигит Алманбетов

Булак: Де факто