Өзүмдөн 40 жаш улуу адамга турмушка чыксам жашап кете аламбы?

1825

Саламатсызбы! Мен 15  жаштамын. 14 жашымда бир жигит ала качып кеткен. 3 айдан кийин ажырашканбыз. Азыркы убакка чейин күйөөгө тийгенден коркуп жүрөм.Жакында эле бир байке «мага турмушка чык», — деп сунуш киргизди. Ал  55 те, ажырашканына биржыл болуптур, 3 баласы бар. Чын айтып жатабы билейин деп аялынан сурасам, 2017-жылы жайында экөө кол кармашып түшкөн сүрөтүн жөнөттү. Кандай ойлойсуз ошол адамга турмушка чыксам туура болобу? Баары эле «жашы өтүп калыптыр, урушасыңар», — деп жатат.