Бактыгүл эжемдин сүйгөн кызы анда эркек мүчө бар экенин айтып оозумду ачты

1443

Саламатсыздарбы Аргумент.кж сайтынын админдери. Мен сиздердин катталуучуңуздармын. Сиздерге чыккан тагдырларды калтырбай окуйм. Кече сиздерге чыккан күйөөсү жаш жигитти алып алган окуядан кийин мен өз көзүм менен окуяны жазып берүүнү туура көрдүм. Менде ката болсо оңдоп коёт болсоңуздар керек . Мындан он жыл мурун болгон окуя.
Окууну бүтүп келип айылдашымдын жардамы менен нан бышырган жерге орношуп калдым. Ал жерде Баха аттуу кыздай болгон байке бар эле. Мен бир жолу дааратканада отурсам кирип келе жатат. Уятыңар барбы-деп кыйкырсам, күлүп «сендеги менде деле бар»-деп күлүп чыгып кетти. Шашып эле боз ала болуп чыксам. Иштеген кыздар баары кыраан каткырык. Мени шылдыңдап жаткан экен деп ойлодум. Анан бирөөсү: «ал эркек эмес аты Бактыгүл»-деди. Мен түшүнбөй калдым. Көрсө чын эле эркек эмес эже экен. Көп өтпөй батиримди бошотуш керек болуп калды. Аны уккан Баха эжем менин батириме кел деди. Аны менен бизде иштеген дагы эки кыз бар экен. Ошентип чогуу жашап калдык. Бир күнү Баха эжебиз бир жаш кызды жетелеп келди. Кыздар сыйлап эле калды. Көрсө эжебиздин сүйлөшкөн кызы экен. Аларды карасаң кадимкидей кыз жигит. Оюмда булар лесбиянкалар турбайбы деп койдум. Эки жылдан ашуун чогуу жашадык. Бизди катуу кармады. Жакшы карады. Айтор экинчи ата-эне болгон.
Арадан сегиз жыл өткөндө баягы кызы менен тигүү цехинен жолугуштук. Эки баласы бар экен. Күйөөсү курулушта иштеп, балдарын апасы карап берерин айтты. Жакын адамдардай жылуу кабыл алып сүйлөштүк. Өткөндү эскердик. Анан Баха эжени сурадым. Ал биз башка батирге кеткенден кийин экөө уруша кетип кызганычтан улам асынып өлүп калыптыр. Анан ортодо эмне мамиле бар эле десем, анын эки мүчөсү тең бар экенин айтып оозумду ачты. Эркек кылган нерсеге жараганы менен балалуу боло албайт экен. Андан да күйөөмдөн да күчтүү болчу дегенде оозум ачылды. Ал жерде үч кыз аны аялдай кабыл алып жашабадык беле деп кала бердим. Адамда да эки мүчө кошо болобу деген суроо азыркыга чейин оюмдан кетпейт.