Эртең Бишкектин 3 конушунда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт

35

Эртең, 24-сентябрда Бишкектин 3 конушунда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

“Ак-Жар” жана “Ак-Бата” суу кампаларында жана шаардык суу түтүктөрүн оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу 24-сентябрда саат 09:00дөн 16:00гө чейин “Ак-Жар”, “Ак-Бата” жана “Келечек” конуштарында таза суу убактылуу өчүрүлөт.

Ошондой эле №43 мектеп жана №21 муниципалдык аймактык башкармалыгында да ичүүчү суу токтотулат.