Назарали Арипов, “Республика”: Элдин добушун ​ сатып алам деген – мамлекетти жок кылам дегенге барабар!

210

“Кыргызстандын чек арасы коррупциянын борбору болуп калды! Ар бир жүк ташыган унаалардан алына турган мамлекеттик салык пара болуп жеке тараптардын ​ чөнтөгүнө түшүп жатат. Бул тууралуу Баткен облусундагы Кадамжай районунун тургундары менен жолугушууда “Республика” партиясынан депутаттыкка талапкер Назарали Арипов билдирди.

Анын айтымында, ​ бул аймакта аткезчилик, паракорчулук​ ээ-жаа бербей өнүгүп жатат, дал ушул себептен​ “Республика” партиясы ​ коррупцияга ачык-айкын күрөш жарыя​ кылды. ​ ​

“Биз коррупицонерлер, бандиттер, уурулар менен ачык күрөшүүбүз керек. Азыр кээ бир партиялар жарандарды Кадамжайдан Ошко алып барып форма-2 менен каттап жатат. Бул эмне дегендик?​ Мындай ыплас​ ыкмалар менен​шайлоону өткөрө турган болсок, ​ ​ мамлекетибиз туңгуюкка такалат. Элдин добушун сатып ​ алам деген – мамлекетти жок кылам дегенге барабар!”, – деди Арипов.

Муну менен талапкер башка партияларды программалык күрөш жүргүзүп, ​ добуш сатып алуудан алыс болууга чакырды.​ Ошондой эле жарандар да добушун ​ күнү акча чачкандарга​ эмес, реалдуу​программасы менен татыктуу жашоого​алып бара турган​ партияларга​ ​ берүүгө үндөдү.

“Биз сиздерге ишенебиз, сиздер бизге ишенгиле! Ошондо биз бир ​ чоң күч болобуз. Биздин партияда Премьер-министрликке татыктуу инсандар ​ бар.​ Биздин багытыбыз – алдыга жол!”, – деди​ Назарали Арипов.

​ “Республика” партиясы мамлекеттик башкаруу боюнча сунуштаган реформалоо пакетине президенттик институтту ​ жоюу, депутаттардын санын 75ке чейин кыскартуу, министрликтерди 16дан 7ге кыскартуу, УКМКны, анын курамындагы Коррупцияга каршы кызматы жана прокуратураны жоюу кирет! Партия жумуш орундарын жана бизнести өнүктүрүүнү башкы артыкчылык деп белгилеген: айыл чарба насыялары 5% чейин, мамлекеттик ипотека насыялары 6% чейин, беш салыктын ордуна бир салык​ киргизүү, саламаттык сактоо, билим берүү, туризм жана технология тармактарын салыктардан бошотуу кирет. “Республика” бардык мамлекеттик компанияларды жоюп, андан түшкөн каражатты чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө багыттоону сунуш кылат. Орто​ жана кичи бизнес экономиканын негизин​ түзгөндүктөн,​ “Республика”​партиясынын​ ​ программасында​ бул тармакка​3% насыя берүү​ каралган.

Буйрутмачы: “Республика” саясий партиясы. ИНН​01708200710163.

“Республика” саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү, каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тортаева А.А.​