К. Жунушалиевге: Логикаң менен куруп кал!

703

“Кашаң Кашкар”, “иши акмакчылык”, “Данияр Абдыкаровдун кадрларына күнү түшкөн” деп “Азия Ньюс” гезити жазган. Мындай пикирден биз кайтпайбыз. Себеби, фактылар бар. Кызыгы, береги сөздөр Кашкар Жунушалиевдин кадыр-баркына, ар-намысына шек келтириптир. Эрксизден жылмаясың… Жогорку сот бүгүн адилетсиз негизде мени 300 миң сом төлөөгө мажбурлады. Министр Жунушалиев өндүргөн сумманы балдар үйүнө которот экен. Логикаң менен куруп кал! Ал жакка менсиз эле жардам кылбайт белең? Ушундай арзан пиар, эски стандарттан бийик боло албадыңбы? Бул убактылуу көз будамайлоо, соттордун “сокбилеги”, бирок, мен баары бир Жараткан алдында утам! Аманчылык болсо мезгил көрсөтөт. Туугандар айтмакчы, далай “катталардын” сары изине түшкөнбүз…

Аслан Сартбаев, “Азияньюс” гезитинин башкы редактору