Кыргыз аялды америкалык күйөөсү өлтүрүп, сөөгүн өрттөп ийген

3828

АКШнын Пенсильвания штатындагы жашаган кыргыз аялды күйөөсү өлтүрүп өрттөп ийген. Бул тууралуу Associated Press агенттиги жарыялады. Агенттиктин маалыматында, америкалык жаранга турмушка чыгып , сегиз жылдан ашуун убакыт жашаган кыргызстандык аял 2012-жылдан бери дайынсыз жоголгондордун тизмегинде жүрөт. Аялдын жоголгону тууралуу анын кызы полицияга билдирген. Ал эми жергиликтүү тургундар аялды Камберленд графтыгындагы Silver Spring Township шаарчасындагы үйүнө жакын жайгашкан дарыкананын жанынан көрүшкөнүн билдиришкен. Тергөөчү аялдын сүрөтүн бардык полиция участкаларына жиберип, кредиттик карталарына чейин текшеришкен. Алардын жыйынтыгында аял аларды колдонгон эмес болуп чыккан. Ошондой эле ал өлкөдөн да сыртка чыкпаганы белгилүү болгон. Дайынсыз болгон Рабихан Сейдерстин тирүү экенинен кабар берген бир дагы далил табылган эмес. Табылбай жаткан аял күйөөсү менен Атлантик-Ситидеги казинолордун биринде массажист болуп иштеп жүрүп таанышып баш кошушкан. Ал эми күйөөсү болсо тыйын сатып, сейрек кездешкен баалуу металлдарды коллекциялоо менен алектенип келген акчалуу адам болгон. Тергөөнүн божомолунда, Рабиханды күйөөсү өлтүрүп, сөөгүн мешке өрттөп жиберген. Анткени күбөлөр үйдүн терезе пардоосу бир несе күн жабылып турган. Ошондой эле күн жылуу экенине карабай морунан капкара түтүндөр чыгып жатканын айтышкан. Ал эми текшерүү учурунда мештен адамдын сөөктөрү чыккан. .

Аргумент.кж