Кыргызстанда сутка ичинде 108 адам коронавирустан айыкты

8

23.09.20.  Кыргызстанда сутка ичинде 108 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 10, Ош шаарында – 11, Чүй облусунда – 10, Ош облусунда – 31, Нарын облусунда – 2, Талас облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда –13, Жалал-Абад облусунда – 12, Баткен облусунда – 15 бейтап коронавирустан айыкты.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 41 миң 904кө жетти.