Алия: «8 класста окуйм,жигитим менен кошулуп койдум»

274

Саламатсызбы , чыгарып коёсузбу. Мен мындан мурда өткон жашоомду айтайын дегем. Өзүм ата- энем жок , жетим кызмын. Таэне-таятамдын колунда өстүм. 8 класста өзүмдөн 4 жаш чоң бала зордуктап койгон… Айылда сөз тез тарайт эмеспи , мен билбегеним менен балдардын арасында айтылыптыр . Эмне анда зордуктадым демек беле , өз эрки менен дегенда. Эми өзүмдун суйлөшкон жигитим бар болчу , ал да аны уккан эч нерсе эмес,сени баарибир алам деген… Бирок бир күнү жолукканда сен аны менен жаткансын мени мен да жат , болбосо болбойт деди… Мен каршылык көрсөттүм , кантсе да эркек күчүм жетпеди… 5 ай мурун болду бул иш. Өзүм намаз окуйм көптөн бери. Эми 2 ай болуп калды оронгонума . Бирок ойлонсом жоолукка да татыктуу эмес экенмин😭 Эми бой жетип калдым , таэнемдерге башкалар сөз салып , мени сурап келип жатышат … Бирок кыз эмесмин , муну болочоктогу жолдошума айтсам да ал мени өмүр бою кемсинтсечи деп корком. Бир туруп өлүп алгым келет , айлам жок жашайм . Кенеш бериниздерчи. Эмне кылсам?Таэне,таятамдан таэжелеримден көп кордук көрдүм. Оронгонума аябай урушуп жатат дагы эле , кийим да алып бербей койду,ким орон деди деп…Чынын айтсам жашоомдун маңызы жок. Жалгыз эмесмин, Аллахым бар деп жашаймын. Бирок тагдырыма балта чабылды. Бактылуу боло албайт окшойм . Эми азыр окууга тапшырдым. Түз эле жүрөм , эч ким менен сүйлөшпөй калгам. Бирок негедир корко берем… Уялам аябай … Атам таштаганы аз келгенсип, ошого окшогон эле эркекке зордукталганымды айтсаңыздар.