Айка: “Индуска тийип, Индияда жашагым келет”

260

Ал менен Бишкектеги университеттердин биринде окуп жүргөндө тааныштык. Ал мени өзүнө дароо арбап алды. Каникулда үйүнө кеткен кезде күн тургай, саат санап күтөр элем. Улуту индус болгондуктан, ата-энем каршылык көрсөтүп жүрөт. Курбуларым: “Окууну бүтүргөндөн кийин, ал өз өлкөсүнө кетет, башка кайтып келбейт, бекер жүрөгүң жараланып калат”, – дешет.
Чын эле ал өлкөсүнө кеткен кезде бир аз убакыт кабарсыз кетип, кайра пайда болот. Анысын “антенна жакшы кармабайт” деп түшүндүрөт. Бир жакканы – романтикага абдан жакын. Гүл алып келип, жылуу мамиле кылса болду, дароо таарынычымды унутуп калам. Бирок, меники куру үмүт сыяктуу. Өз жеринде үй-бүлөсү, бала-чакасы барбы, ким билет…
Бирок, мамилебизге чекит коюуга жүрөгүм даабайт. Ал тургай, ушул жигитке турмушка чыгып, Индияга кетсем деп да кыялданам. Айтымында, жашоо-турмушу начар. Бирок, ага карабай кымбат кийинип, жакшы жашайт…
Азыр кээ бир телеканалдар индия сериалдарын көрсөткөн сайын, ошол жакта жашоого болгон каалоом күндөн-күнгө күчөөдө… Индия тууралуу сөз болсо, кулак турө калам. Жигитиме болгон махабатым да күн санап күчөп жатат. Мамилебиз жакында бүтөрүн билсем да, куру үмүт менен күн кечүүдөмүн.