Узарбек Жылкыбаев, «Республика» №14: «Мени менен эмес программалар менен талашкыла!»

122

«Учурда эл менен бетме-бет жолугуп, туз суйлошуп, программаларын түшүндүрүп бергендин ордуна эч кимге байкатпай акырын келип, акча сунуштап добуш чогултуунун ыплас бирок оңой жолун тандап алгандар бар. Алар буга чейин элдин акчасын жеп, эми дагы 5 жыл жеш үчүн кайра элди сатып алганга аракет кылып жатат. Алардын арам оюн ишке ашырбай токтото турган бул эл экенин «Республика» партиясынан лидерлери Бостери айылында Ысык-Көл районун жашоочулары менен болгон жолугушууда айтышты.

Дал ушул райондун кулуну депутаттыкка талапкер Узар Жылкыбаев ​ өз сөзүндө элди миң сом, эки миң сом үчүн абийирди ​ сатпоого үндөп, башка партиялардан чыккан талапкерлерге да кайрылды. « Дагы бир жолу айтып жатам, мен партиянын эсебинен каражат бөлүп​облустук телевидениенин бир саатын алайын, келгиле ушул облустан чыккан талапкерлер теледебатта түз сүйлөшөлү»,-деди.

Анан айтымында Ысык-Көл облусунан чыккан талапкерлерге буга чейин бул сунуш менен кайрылган, бирок баары качып келбей жатат.

«Добуш берчү кишилер силерди көрсүн, таанысын, эл өкүлү болгонго билими жетеби , тажрыйбасы жетеби, эл таразаласын деп айтып жатам. Бирөөсү да макул эмес. Кээ бири телефон чалып ал жакта сиз менен кантип талашабыз деп ачык эле айтып​ жатат. Мени менен талашып кереги жок. Позициянарды көрсөткүлө, программанарды алып чыгып эмне иш кылаарынарды айтып бергиле дейм. Жок, баары качып келбей ​ жатат дейт»,- ​ Жылкыбаев. Дагы да болсо ​ шайлоо күнүнө чейин облТВда түз эфирде дебатта башка партиянын облустук лидерлери менен жолугушууга үмүтү бар экенин жашырган жок.

Андан сырткары өзү туулуп өскөн Ысык-Көл районунун жашоочуларына кайрылып ар бири менен жеке сүйлөшүп чыккысы келээрин, бирок жалпы облус боюнча жоопкер болгондуктан,​ убактысы аз экенин Ош облусунда ызы-чуу чыккандыктан элди ынтымакка чакыруу үчүн эртең ал жакка баратканын ​ айтты. Миңден көп чогулган жашоочулар ​ өз кулуну Узар Жылкыбаевдин райондун​ облустун эле эмес, жалпы Кыргызстандын көйгөйү менен алпурушуп жүргөнүнө сыймыктанып, узакка созулган кол чабуулар менен жылуу узатышты.

​ «Республика» партиясы мамлекеттик башкаруу боюнча сунуштаган реформалоо пакетине президенттик институтту жоюу, депутаттардын санын 75ке чейин кыскартуу, министрликтерди 16дан 7ге кыскартуу, УКМКны, ​ анын курамындагы Коррупцияга каршы кызматы жоюп ​ тышкы чалгындоо кызматын түзүү, ​ прокуратураны жоюп, аны Адилет ​ министрлигинин курамына ​ киргизүү ​ суроолору ​ турат.​ Партия жумуш орундарын түзүү ​ жана бизнести өнүктүрүүнү башкы артыкчылык деп белгилеген: айыл чарба насыялары 5% чейин, мамлекеттик ипотека насыялары 6% чейин, беш салыктын ордуна бирди киргизүү, саламаттык сактоо, билим берүү, туризм жана технология тармактарын салыктардан бошотуу. «Республика» ​ стратегиялык ​ маанидеги ​ ишканалардан тышкары, ​ бардык мамлекеттик компанияларды жоюп, андан түшкөн каражатты чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө багыттоону сунуш кылат.

Буйрутмачы: «Республика» саясий партиясы. ИНН ​ 01708200710163.
«Республика» саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү, каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тортаева А.А.