Мирлан Жеенчороев, «Республика» №14: «Иштебеген депуттарды артка чакыртып алабыз»

169

  «Алтынчы чакырылышта элдин көйгөйүн көтөрүп, маселелерди кабыргасынан койгон аз эле депутаттар болду. Алардын арасында көпчүлүгү «Республика» партиясынын өкүлдөрү болду. Биз сиздер тарапта болгонубузга сыймыктанабыз. Бирок, басымдуу бөлүгү эки жүздүү, кошоматчы болуп калды. Алар санды көбөйтүп, сапаты жок болуп, элге иштебей, бир ууч адамдарга кызмат кылуу менен алектенди. Ошол себептен биз программабыз да айтып жатабыз, депутаттардын санын 120дан 75ге кыскартабыз. Биз дагы жобо киргизип жатабыз, эгерде татыктуу эл өкүлү эл өкүлү боло албаса, эл ага нааразы болсо 10 миң кол топтоо менен депутатты кайра артка чакыртып алабыз. Бул боюнча концепцияга өзгөртүү киргизебиз. Ошондо иштебеген, кнопка баскыч депутаттары жумуштан алып салса болот» деди Ак-Суу районунун жашоочулары менен жолугушуп жатканда «Респулика» партиясынын лидери Мирлан Жеенчороев. Аны менен бирге партиянын программасында эгерде эл өкүлү 5 күн жыйынга себепсиз келбей калса мандатынан ажыратуу каралган.

              Дал ушул 6-чакырылыш эл тарабынан бир топ лакап аттарга ээ болгону белгилүү. Элдин депутаттарга болгон ишенимин кетирди. Бул боюнча ушул жолугушууда «Республика» партиясынан депутаттыкка талапкер Чынара Умуркалиева эл алдана берип  укуктук нигилизмге туш келгенин белгиледи. Анын айтымында эл талапкерледин убадасын уккусу  келбей калды, программаларына ишенгиси келбей турат.

              Кээ  бир партиялар мындан пайдаланып, элди акчага сатып алганга аракет кылып жатат. Айрымдары, бийликти сындоо менен элге жакшы көрүнүп, бирок өздөрү бийликке келип калса  колунан иш келбей элдин ишенимин биротоло кетирип алышы мүмкүн.

«Республика» партиясы жөн гана сын айтып токтоп калбайт,  маселелерди чечүү жолдорун сунуштайт, ишке ашырат жана көзөмөлдөйт. Бардык тармактарга системалуу реформаларды жасап бийлик кантип иштеш керектигин элге көрсөтөт»,- деди талапкер Чынара Умуркалиева.

 «Республика» партиясы мамлекеттик башкаруу боюнча сунуштаган реформалоо пакетине президенттик институтту жоюу, депутаттардын санын 75ке чейин кыскартуу, министрликтерди 16дан 7ге кыскартуу, УКМКны,  анын курамындагы Коррупцияга каршы кызматы жоюп  тышкы чалгындоо кызматын түзүү,  прокуратураны жоюп, аны Адилет  министрлигинин курамына  киргизүү  суроолору   турат.  Партия жумуш орундарын түзүү  жана бизнести өнүктүрүүнү башкы артыкчылык деп белгилеген: айыл чарба насыялары 5% чейин, мамлекеттик ипотека насыялары 6% чейин, беш салыктын ордуна бирди киргизүү, саламаттык сактоо, билим берүү, туризм жана технология тармактарын салыктардан бошотуу. «Республика»  стратегиялык  маанидеги  ишканалардан тышкары,  бардык мамлекеттик компанияларды жоюп, андан түшкөн каражатты чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө багыттоону сунуш кылат.

Буйрутмачы: «Республика» саясий партиясы. ИНН  01708200710163.
«Республика» саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү, каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тортаева А.А.