Иниси менен төшөктөн кармап алган жаран аялын өлтүрүп салды

4795

Иниси менен бир төшөктө жаткан аялын уруп өлтүрдү. Бул тууралуу «Комсомолская Правда» басылмасы жазып чыкты.

Алардын маалыматына таянсак, бурияттык жаран бир тууганынын үлпөт тоюна катышканы кетет. Ал жакта баары жакшы маанайда болгону менен аны үйдө каргашалуу окуя күтүп турганын билбесе керек. Туран айылынын 38-жаштагы тургуну таңга маал үйүнө кайтат.  Жакшы маанай менен келген жаран анын аялы аталаш иниси менен төшөктө кучакташып уктап жатканына күбө болот. Өзүн кармана албай калган жаран инисин ур-токмокко алат. Ал жансоогалап жатып агасынын колунан чыгар менен качып жөнөгөн. Аны артынан кубалаганды ордуна 28-жаштагы аялын сабай баштаган. Бир нече болу колуна тийген отургуч менен башка койгулап ийген. Катуу жаракаттан улам токмоктоп жаткан учурда кулап тушүп, эс-учун жоготкон. Качан күйөөсү эсине келип, канжалап жерде жаткан аялынын колун кармаганда тамыры эчак эле сокпой калганын байкаган.

Жаран сыртка чыгып кошунасыныкына барып ага  болгон окуяны айтып, полицияны чакырып коюсун суранган. Полиция келгенде жаран каза болгон аялынын сөөгүнүн жанында отурган.

Жаранга «киши өлтүрдү»  делген берененин негизинде кылмыш иши козголуп, убактылуу камоочу жайга киргизилди. Сурак учурунда аялын кызгануудан улам өлтүрүп алганын айтып мойнуна алган. Ал эми чиедей болгон үч бала жетим калды.

Аргумент.кж