Жашынмак ойнойм деп балдар думугуп каза болду

1812

Жашынмак ойноп шкафка кирген балдар думугуп каза болду. Бул тууралуу Republic World  басылмасы жазып чыкты.

Алардын маалыматында, Индиянын Гуджарат шатынын Бокарвада айылында өткөн жума күнү он жана тогуз жаштагы тестиер балдар ойноп жатып ээн үйдөгү шкафка кирип кетишкен. Шкафтын оозу бекип калып, сыртка чыга албай калган. Балдардын жардам сурап кыйкырган үнүн эч ким уккан эмес. Качан балдарды таппай калышканда гана айыл тургундары издей баштаган.  Бир нече сааттан кийин балдардын сөөгүн шкафтан табышкан. Алар кыйкыра берип чарчап, тердеп, аба жетишпей думугуп каза болгон.Полиция кызматкерлери бул окуяны кокустуктан улам чыккан кырсык деген бүтүмгө келишкен.

Мындай окуя Улуу Британияда дагы катталган. Анда 74-жаштагы байбиче чакырган таксинин келишин күтүп жатып, ашканадан чычкан чуркап жатканын көрүп калат. Чычканды кубалаган байбиче ашканадагы шкафтын артына кирип кетип чыга албай калган. Ал эми такси кызматы келгенин билдирип байбиченин телефонуна бир нече жолу чалып ала албай койгонун жана убагында чыкпаганын билдирген. Ошондон кийин гана полиция  байбиченин үйунө кируугө мажбур болгон. Алар келгенде байбиче каза болуп калган.

Булак: Argument.kg