Бүгүн дагы 71 адамдан COVID-19 аныкталды. Жалпы 45 миң 542 учурга жетти

17
Gestellte Aufnahme. Symbolfoto: Coronavirus Diagnose. COVID-19, SARS-CoV-2. Berlin 17.03.2020 Berlin Deutschland *** Presented picture Symbol photo Coronavirus Diagnosis COVID 19, SARS CoV 2 Berlin 17 03 2020 Berlin Germany Copyright: xThomasxImo/photothek.netx

22.09.20. Кыргызстанда 22-сентябрь саат 10:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 71 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Штабдын билдирүүсүнө караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 45 миң 542 адамга жетти.

Сутка ичинде катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек – 4
  • Ош – 2
  • Чүй облусу – 8
  • Ош облусу – 17
  • Талас облусу – 2
  • Ысык-Көл облусу – 5
  • Жалал-Абад облусу – 13
  • Баткен облусу – 20