Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 млрд 144 млн куб метрди түздү

20

Бүгүн, 21-сентябрда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 млрд 144 млн куб метрди түзөт. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 383 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 296 куб метрге жетүүдө.

Белгилей кетсек, суу сактагыч Нарын дарыясынын жогорку агымындагы мөңгүлөрдүн эриген көлөмүнө жараша толот.