Тагдыр: Бир байбиче, үч токол, төртөөбүзгө бир күйөө…

224

Биринчи бөлүм…

Биздин кичи мекенибиз Жалал-Абадда өстүк.  Мен 9-класс болуп калган кезде атамдын жумушуна байланыштуу эрте жазда Чүйгө көчүп келип, батирде  жашап калдык. Окууну Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айылынан бүттүм. Байкем, Чүйгө келбей, Аксыда чоң атамдар менен калган. Кичүү иним, атам апам жана мен болуп Чүйдүн тоо бооруна жакын жайгашкан айылдардын бирине өз күчүбүз менен чакан там салып алганбыз. Иним жашыраак болгондуктан, атам жумуштан көп бошобогондуктан, апам экөөбүз тамдын бир топ курулуш иштерине аралашып, бар күчүбүздү жумшадык. Колубуздан келбеген иштерге усталарды да жалдадык.  Бизге  айрым кошуналарыбыз да кол кабыш кылган учурлар да болду. Алардын ичинен Абыл байкенин Руслан деген мен курдуу баласы өзү эле  көп учурда келип жардам берип жүрдү. Алар да Оштон атасынын жумушуна байланыштуу мындан 7-8 жыл мурун көчүп келишип, өз күчтөрү менен там салып алышыптыр. Апам экөөбүз ушул себептеп, бизге көбүрөөк жардам берип жатат деп ойлодук. Себеби, бир кырдаалда болгон адамдар гана бири-бирин жакшы түшүнөт эмеспи. Биз кеч күзгө чейин 4 бөлмөлүү үйдү бүтүрүп кирип кеттик. Чакан кылып, үй той да берип алдык…

***

Руслан экөөбүз билинбей эле жакын мамиледе болуп, кыз-жигиттей эле болуп калдык. Көрсө, Русландын биздин тамдын курулушуна көп жардам берген сыры мага ушундан кийин белгилүү болуп калды. Ал мени жактырып, жакшы көрүп калыптыр. Келишкен жигит кол сунуп турса, кербезденген кыз канча кылыктанса да, сезимдери аны көздөй серпиле берет турабйбы.Экөөбүз кыз-жигит болуп жакшы күндөрдү, жакшы түндөрдү өткөрдүк. Ал күндөр биздин жүрөктө өчпөс болуп сакталып калды.

***

Мен университеттердин бирине бюджетке тапшырып өтпөй калдым. Контрак менен окууга акчабыз жок эле. Анткени, бар акчабызды, айылдагы малыбызды да үй курууга сарптап койдук. Апамдын каалоосу менен техникумга тапшырдым. 3-жыл окушум керек эле. Бирок аны да бүтө албадым. Экинчи курста окуп жатканымда Русландан боюмда бар экенин билдим. Анткени мен Руслан менен түнү көп жолугат элем. Бир ирет мени кыйнап жатып, дос балдарынын отурушуна алып барган. Досторунун дээрлик баары, алардын кыздары да тартынбай эле вино, коньякты шыңгытып ичишет экен. Мен болсо элден калбай аз-аздан вино уурттап олтурдум.

Түн ортосунан ооп калганда эки-экиден ээрчишип эле жок боло башташты. Бир кезде бөлмөдө Руслан экөөбүз эле калып калдык. Мындай жалгыздыктан көп жигиттер мүмкүнчүлүктөрүн колдон чыгаргысы келишпейт окшойт. Айтор, Руслан бир аз кызуулугуна алдырыппы, же атайыбы, иши кылып мени баса калып, каршы болгонума карабай кыйнап койду.  Ошол отуруштун азабынан кыздык абийримден айрылып, Русланга көз караанды болуп калганымды кийин түшүндүм. Мен ал түнү келин болгонум менен  төшөк кумары эмне экенин түшүнгөн да жокмун. Түшүнгүм да келген жок. Өзүмдү жемелеп, ыйлай бердим Таңкы саат төрткө чамалап калса да, Русланды үйгө жеткир деп жатып, үйгө да келдим. Апам уктабай, мени күтүп жатыптыр. Атам болсо иш сапар менен башка аймака кеткен эле. Ал үйдө болсо балээнин отурушка бармак белем. Апам менин эмне болгонумду билди окшойт. Анкени, кыздын сыры энеге маалым эмеспи. Унучукан деле жок…

Ошол жагымсыз отурушутан кийин 2 айдан кийин кош бойлуу болуп калганымды билдим. Эмне кыларымды билбей, ыйлай бердим. Акыры апама айтып кеңештим. Апам үйгө Русланды чакыртты. Руслан ал күнү келбеди. Эртеси түштө баягысындай эле жаадырап жайнап кирип келди. Учурашып, чайга олтурганыбызда, апам тамагын бир жасап алып, өтө маанилүү кептип баштады.

-Руслан, сен буга чейин эле биздин үйгө чоочун киши эмес элең. Эми мындан кийин да өтө жакын адамдардын бири болуп каласың. Кылымбү экөөңөр кыз-жигит болуп жүргөнөңөрдү атакебиз экөөбүз жакшы билебиз. Бирок сен жаштыкка алдырып, кызыбызды кыйнап абийиринен ажыратып, кош бойлуу кылып коюпсуң. Эми болоор иш болуп, боёсу каныптыр. Урушуп эмне муратка жетет элек. Элге –журтка билгизбей, жабылуу аякты жабылуу бойдон калтырганыбыз оң. Кызыбыздын тагдырына балта чаппай, экөөң эртээрек баш кошкула. Ата-энеңе өзүң айтып кеңеш, болбосо мен деле апаң менен кеңешем – деп бир дем менен сүйлөп, экөөбүздү тиктеп калды.

Руслан апамды караган жок. Башын жерге салып олтурган, анан мага тигиле карап калды, жаман көрүү менен десем болот го. Себеби, мен ага боюмда бар экенин айткан эмесмин. Айтайын деген оюмда бар болчу. Бирок ага өзүм айтканчакта апам минтип өзү айтып салды. Руслан ордунан туруп:

-Мени кечирип коюңуздар. Мен ата-энем менен кеңешип келейин – деп бир ооз айтып, үйдөн чыгып кетти.

Мен сени кечире албайм, келбе мага…

Андан бери 4 жылдан ашык убакыт өттү. Руслан экөөбүз ошондо эле баш кошконбуз. Эки уулду удаа төрөдүм. Бала басты болуп үйдө жатып калдым. Руслан курулуш фирмада бригадир болуп иштечү. Жумушу, тапкан акчасы деле жакшы эле. Бирок ага карабастан кичүү улуубуз бирге чыга электе Россияга кетем деп калды. Мен анын кетишине каршы болдум. Анымдан жыйынтык чыккан жок. Апамдын үйүндө калдым, балдар менен…

Руслан өзү тез-тез телефон чалып, ахыбалыбызды сурап,  кез-кези менен акчасын салып, айтор абдан жакшы каралашып турду. 9 айдан кийин келем деген.  Бирок 9 ай эмес, 13 ай өттү. Келем деген Руслан негедир кечигип жатты. Акыркы учурда биз менен аз кабарлашып, акчаны да аз эле салып калды. Бара-бара чалбай да калды. Биз андан кабар ала албай, кыжаалат болдук. Себеби, анын  бир жылдан ашык убакыттан бери колдонуп жүргөн телефон номери өчүк болуп туруп алды…

***

Русландын Москвага кеткенине 2 жылга айланды. Андан дале кабар жок. Мен сагынычтан кыйналып кеттим. Санаам санга бөлүнүп, өзүмдү коёрго жер таппай калдым. Кайын атам, кайын энемдер деле ал тууралу бизге толук маалымат беришкен жок. Кайын энем болгону: “Иши абдан көп экен бошобой. Телефону да бузулуп калыптыр, бизге да аз чалып калды. Сени, балдарды сурап эле жатат”- деп койду.

Чоң уулубуз Адилет 3кө толгон күнү чоң атасы менен таятасы экөөлөп балабызды мусулман кылып сүнөткө олтуругузшуп, ырымдап түлөө кылдык. Ошол түлөө кылган күнү  биздин үйгө атабыз менен Москвага кеткен досу Кумар келип калды. Менин кубанганымды айтпа. Анын Русландан кабар алып келгенин туюп турдум. Ал биздин үйдө конок болуп бир топко олтурду. Анын айтуусуна караганда Руслан ишти жакшы билгендиктен Москвада да чоң курулушта бригадир экен. Кыргыз, өзбек, тажик балдардан баары болуп 50-60тай жумушчуларды иштетип жаткандыктан убактысы аз болуп, эч ким менен сүйлөшпөй калганын да айтып берди. Мен буларды угуп жаным аз да болсо жаным  жай ала түштү. Ал биздин үйдөн кетип жатып, менин колума калың конверт берди. Аны ичин  ачканга шаштым. Ичинде туура бир жарым миң  доллар бар экен. Анан жеке менин өзүмө жазылган катка көзүм тигилди. Ал каттын баш жагын окуганда эле жүрөгүм аңтарылып, жан дүйнөм жанчылып кетти. Катка жазылган ар бир сөз менин жүрөгүмө жаанын жебесиндей болуп кадалып жатты:

Кылым, Кымбатым менин Кылымым. Мени кечир. Мен Москвага келип жаңылдым. Мен бул жактан акылымдан айнып, жаш кыз менен жашап, балалуу болдум. Мен сенин алдыңда акмакчылык кылдым. Өзүмдү кармай албай калдым. Ал менин үй-бүлөм бар экенин, айтор баарын билет. Ошондой болсо да ал да сага окшоп мени  абдан сүйөт. Мен да аны кыя албайм. Бирок бул жашоодо сен мен үчүн биринчи орундасың. Мени кечирсең, макул десең мен Москвадан тапкан экинчи сүйүүм Умсунайды Бишкекке ала кетем. Ал менин айткандарымдын баарына макул. Мен ага каралашам. Экөөңдү тең багып алам, эч кимге кор кылбайм. Балким, нике кыйып, аны менен да жашайм. Эмне кыл дейсиң, жүрөгүм ушинтип экиге бөлүнүп калды. Мен сенден жооп күтөм. Балдардын бетинен сүйүп кой.”

Мен анын бул сөздөрүн  окугандан кийин: “Мен сени кечире албайм, келбе мага” – деп үнүмдү катуу чыгарып айтып, өпкө-өпкөмө батпай шолоктоп ыйлап жибердим. Эч ким менен сүйлөшпөй төркү үйгө барып бүк түшүп жатып калдым. Телевизор иштеп жаткан. Канча ыйлап жатканымды билбейм. Бир кезде телевизордон Чубак ажынын экинчи аял, токол тууралуу айтып жатканы кулагыма шак дей түштү:

Эркек киши кудурети жетсе, баарын талапка ылайык бага алса мусулманчылыкта 4 аял алса болот. Бирок төртөөнүн үй-жайы төрт башка болуусу шарт. Эркек биринчи аялынан мен токол алайын деп сурабайт. Шариятта эркек токолду аялынын макулдугу жок эле алары айтылган

Ушул сөздөр негедир жүрөгүмө уюп бараткансыды. Ошол мүнөттөрдө Чубак ажыны жек көрүп да кеттим. Жиним келип телевизорду өчүрүп салдым.  Демек, күйөөм токол маселесин жакшы билет экен. Ошон үчүн ушунчасында баарын ачык айтып, чечишип алайын деген турбайбы. Мен ага каршы чыксам эмне болот. Менден да жаш кыздан балалуу болууга жетишиптир. Ал эмне болгон жаш кыз? Башы иштейби, эки баласы бар адамга турмушка чыгып алган?  Деги эркек көргөн немеби? Иши кылып, ичиме кара таруу айланбай турат. Мен Русланды эч ким менен бөлүшкүм келген жок. Мен анын бир күн менин үйүмдө, эки күн токолунда болуп, бөлүндү болушун каалабай турам. Ажырашам десемчи? Балдарымды талашып, ит болобуз го. Сөздүн ток этер жерин айтканда мен туңгуюкка кептелгендей эле болуп калдым. Эми эмне кылам…

(Уландысы бар)

Автор: Айнура Абазбекова

Булак: Чагылган