“Республика” партиясынан депутаттыка талапкер Алтынай Өмүрбекова: “Мамлекеттеги көйгөйлөрдү билим берүү тармагын жакшыртуу менен гана чечсек болот”

76

Алтынай Сейитбековна, “Республика” партиясынын программасында билим берүү тармагына багытталган кандай реформалар бар?

– Бизде акысыз  рто билим  алуу укугу Конституция менен  бекитилген. Бирок,  акыркы учурда билим  берүүнүн  сапатына  карата  айтылып келген  сын-пикирлер өтө  жөндүү,  андыктан,  азыр биздин  алдыбызда  жаш муунга   мыкты  билим  берүү  маселеси өтө   курч турат.  Бул максатта “Республика” партиясы   бир катар  чечкиндүү  кадамдарга  баратат. Алсак, мектептерге  мамлекеттен  бөлүнгөн  каражат  ар бир  окуучунун артынан жүргөндөй кылабыз!  Мисалы, азыр ар бир  балага   бюджеттен кеткен бир жылдык чыгым  20 миң  сомду түзөт.  Буга окуучу колдонгон китептерге,   мугалимдин айлыгына кеткен , социалдык фондго которулган ж.б каражаттар  кирет. Мисалы,  бир мектепте  эки миң бала окуса, бул  жылына  40 миллион сомду  түзөт.  Эгер акча мектептеги   окуучулардын санына карата  бөлүнө турган болсо,   биз мындан  эмне утабыз?  Бул  мектептердин  арасында  курч атаандаштыкты  жаратат,  алар   мугалимдер курамынын сапатын  жакшыртууга умтулат,  алар  ар бир  окуучу  үчүн  күрөшө баштайт.  Жыйынтыгында,  жалпы билимдин  сапаты жакшырат. Ал эми мектептин жетекчилигине   мыкты  менеджерлер келиши  керек!  Бул үчүн  сөзсүз  конкурстук  негизде   эң жакшы көрсөткүчтөргө ээ болгон, тажрыйбалуу,  кесипкөй  адамдар тандалып алынышы  керек!

Биз мектеп  программасын  да  учурдун  талаптарына  жооп бергидей  кылабыз!  Азыркы  учурда  маалыматтык  согуш  күчөп,  “фейк жаңылыктар”, такталбаган маалыматтар    билинбеген менен бир гана   жаш балдардын эмес,  бардык  адамдардын   аң-сезимин талкалоодо  катуу таасирге ээ болуп  жатат.  Биз  келечек  муунду  критикалык  ой жүгүртүүгө,  маалыматтарды  иргеп  кабыл алууга  үйрөтпөсөк болбойт.  Бул максатта  мектеп программасына  медиасабаттуулукту   киргизебиз. Андан тышкары,  финансылык  сабактар  абдан  керек. Акчага болгон туура   мамилени    жаштайынан  үйрөтпөсөк ,  азыр байкасыңыздар,  каражатты  максаттуу   пайдалана албагындыктан   канчалаган  жарандарыбыз   карызга батып,  же  насыя алып той берип, аны төлөш  үчүн  Мекенден алыс жүрүүгө  мажбур болуп жатат.  Каражатты  үнөмдүү,  максаттуу  пайдалануу, ишкердиктин сырларын  үйрөнүп алуу  эч качан   ашыкча болбойт.

“Республика” партиясы мектептердеги  үч тилдүүлүк маселесин  биринчи жолу  көтөргөн жок. Бул боюнча бүгүнкү күнү Жогорку Кеңештин токтому бар, бирок аны  толук кандуу аткарууга мүмкүнүчүлүк  чектелүү  болуп турат. Себеби, өлкө боюнча  англис тил мугалимдери жетишсиз. Андыктан,  мугалимдерди даярдоо системасына өзгөртүүлөрдү киргизишибиз керек. Агай-эжейлердин статусун көтөрөбүз деп  сөз менен айтып койгондон эч нерсе өзгөрбөйт. Бул үчүн бир катар    конкреттүү  иштер  жасалышы  керек. Бүгүн мугалимдик кесипке жалпы республикалык тесттен  эң төмөн-110  упай  алган  бүтүрүүчүлөр  барып жатат. Одоно айтканда, көпчүлүгү   ЖТРден баллы  аз болуп калгандар   жөн гана жогорку билими тууралуу диплом алып коюуу  үчүн   баргандай. Мугалим- бардык нерсенин башатында турат, бул кесипти  сүйүп аркалыгысы  келгендер  келсе,  азыркы турмушта орун алып жаткан көп  маселе  чечилет  эле.      “Республика”  партиясы  ЖРТда  160-180  упай алгандар гана мугалимдикке бюджеттик негизде окуй ала тургандай кылабыз.  Аларда  бир гана мамлекеттик эмес, абройлуу  менчик  окуу  жайлардан  билим алуу тандоосу болот. Учурда мамлекеттик ЖОЖдордо  5600  бюджеттик  орун бар. Мисалы, 2500 орун И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин энчисинде, буга мамлекет болжол менен 60 миллион сом төлөп берет. Бирок, ошол  студенттердин болгону 24%ы мугалим болуп иштеп кетет. Ал эми мамлекеттин эсебинен  билим алып, бирок, мектептин босогосун  да аттабай кеткен  76% студентти окутууга болжолдуу түрдө 45 миллион сом кетет. Андан көрө, бул  каражатты мугалим болууга дилгир бүтүрүүчүлөргө берели. Алар абройлуу, сапаттуу билим берген  окуу жайына тапшырсын. Биз азыр  мыкты мугалимдерди даярдап  чыгаруу менен гана  мыкты  жаш муунду тарбиялап чыгара алабыз.

Мектептер өз бюджетин өздөрү башкаргандан сырткары, мамлекет тарабынан каржыланган стимул берүүчү фонд болот. Мисалы,  кээ бир мугалимдер методикалык эмгектерди жазса, кээ бири сабактарды өзгөчө,  кызыктуу кылып өтөт,  окуучулары  олимпиадалардан  жеңген  агай-эжейлер бар. Ушунун баары тең стимфонд аркылуу сыйланып, эмгеги  баалынып туруш керек.

“Республика” партиясынын программасында 11-класстын бүтүрүүчүсү аттестаттан тышкары, диплом алып чыгат деп жатасыздар. Балдар кесипке канчанчы класстан тарта окутулат жана алар толук кандуу адис болуп чыга алабы?

-Кыргызстанда жүзгө жакын лицей бар, бирок, бүтүрүүчү класстар үчүн мектептерде кесип алуу мүмкүнчүлүгү болсо шаарга же районго барып, жатаканада жатып окугандан көрө, өз үйүндө, өз жакындарынын курчоосунда 11-классты да бүтөт, дипломдуу да болот. Биз система катары бардык мектептерге мүмкүнчүлүк беребиз, бирок биринчи этапта бул демилгени шарты бар окуу жайлар  гана   ишке ашыра алат. Учурда  дүйнө боюнча программист кесибине суроо-талап күч, алардын айылыгы да өтө жогору. Эгер биз бул кесипке мектеп партасынан тартып окута турган болсок, канча жөндөмдүү балдарга жаркын келечек куруп берген болот элек.

Биздин дагы бир демилгебиз бул – академиялык эркиндик. Ар бир окуучу кайсы  сабак  ага көбүрөөк керек экенин 9-класстан  тарта  өзү чечиши керек. Жалпы билим берүүдө   милдеттүү  болгон  сабактардан тышкары,  окуучу  өзү кызыккан же  келечектеги багыты боюнча  предметтерге көбүрөөк саат кошуп алса болот.   

Жогорку  технологиялуу кылымда жашап жатабыз, азыр жаш муунду  замандын  чакырыктарына  ылайык  кесиптерге  үйрөтүп,  мурдагыдан  башкача  жашоого даярдашыбыз  керек. Глобалдык тенденцияларды карап туруп,  билим берүү тармагына  ошого  жараша жаңылыктарды  киргизүү  зарыл.  Негизи эле,  системанын  ийкемдүү болгону жакшы. Керек болсо, беш жыл сайын билим берүү стандарттарын  өзгөртүп турууга болот. Жаштар  билимдүү , жөндөмдүү жана  кесипкөй болсо – коом өзгөрөт! Ошондуктан, башка тармактан үнөмдөсөк да,  калктын саламаттыгынан жана  жаштардын билиминен акчаны  аябашыбыз керек!  Себеби, коомдо, мамлекетте болгон бардык  көйгөйлөрдү билим берүүнү  жакшыртуу   аркылуу чечсек болот.  “Республика” партиясы  өлкөнүн  билим берүү  системасында  олуттуу  реформага жүргүзүүгө  даяр,! Биздин  жаштар замандын чакырыктарына даяр, билимдүү, зирек, акылдуу болуп,  бир гана  Кыргызстанда эмес, канат сермеп, дүйнөлүк бийиктиктерди  багынта тургандай болушу керек!

Буйрутмачы: Республика” саясий партиясы. ИНН  01708200710163.

“Республика” саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү, каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тортаева А.А.