Максат Дамир уулу, “Республика” №14 : Университеттен кетүү себеби коррупция болбош керек

82

20-сентябрда “Республика” саясий партиясы Бишкек шаарынын Октябрь районунун шайлоочулары менен жолугушуу өткөрдү. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Максат Дамир уулу мамлекеттик кызматтан кетип, саясатка барганы боюнча эки себебин айтты: коррупцияны жоюу жана социалдык кызматкерлердин жашоо деңгээлин көтөрүү.

Максат Дамир уулунун айтымында, ал АКШда окуган учурда, эки мамлекетти салыштырып, Кыргызстанда акыйкаттык жок экендигин так түшүнгөн.

“Коррупцияга каршы күрөштү студент кезимден баштап баштадым. 2004-жылы мен Аскар Акаевге Кыргызстандын жогорку окуу жайлары коррупция жана паракорчулукка толгонун, ага биздин студенттер ассоциациясы каршы болуп жаткандыгын ачык кат менен жаздым. Акыры, университеттен кетүүгө аргасыз болуп окууну таштадым, бирок бүгүн эмнени көрөбүз – бир нерсе өзгөрдүбү? Жок, биз дагы окуу жайлардагы коррупцияга каршы күрөштү улантуудабыз”, – деп арызданат талапкер.

Максат Дамир уулу “Республика” партиясы коррупция менен системалуу түрдө күрөшөт деп убада берди. Партиянын шайлоо программасына ылайык, социалдык сектордун каржылык көз карандысыздыгы, ооруканалардын бири-бири менен атаандашуу көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет.

“Менин апам 44 жылдан бери Түп районунун аймактык ооруканасында медайым болуп иштейт. Анын эмгеги негизсиз. Социалдык кызматкерлердин пенсиялары жана айлыктары жогору деңгээлде эмес”, – дейт Максат Дамир уулу.


Буйрутмачы: “Республика” саясий партиясы. ИНН  01708200710163.

“Республика” саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү, каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тортаева А.А.