Күйөөм апамдын байпактарын жууп жатса, кайын энем келип ызы-чуу салды

177

«Күйөөм эшикке отуруп алып кир жууп жаткан»Күйөөмдүн мынчалык жакшы экенин билген эмесмин. Эми, барыбыз эле ушундай болсок керек. Айтайын дегеним, күнүмдүк турмуш менен алышып жүрүп, жаныбызда жүргөндөргө этибар бербейбиз. Балким, ошол күнү жол кырсыгына кабылганым жакшы эле болду.Алысыраак тайкемдин жаназасынан келатканбыз. Узак жолдо апам жалгызсырабасын деп, балдарды күйөөмө таштап кошулуп алгам. Бир маалда эле айдоочу рулду башкара албай калды. Машина жолдон чыгып даракты сүзүп токтоду. «Кудай ай!». Ичиндеги жүргүнчүлөрбакырып жибердик. Апамдын эки буту, менин акырегим менен колум сыныптыр. Мен го баса алам, апам такыр эле төшөккө жатып калды.Бейтапканадан чыгарып, үйүбүзгө алып келдик. Себеби, апамдыҮйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптуркараганга киши жок, атам каза болуп калган, менден кийинки сиңдим болгону ондо.Күйөөм жумушунан суранып алган. Эртеден кечке биз менен алек.Балдарыбыз майда, аларга дагы көңүл буруу керек. Тамак жасайт, кирлерди жууйт, жараттарыбызды «обработка» кылат, укол саят, апамдын алдын тазалайт. Ишенесиңерби, бир дагы жолу наалып сүйлөнгөн жок.Бир күнү кокустан кайын энем келип калды. Күйөөм эшикке отуруп алып кир жууп жаткан. Колунда апамдын байпагы. Аны көргөн кайын энем жарылды.— Ай бала! Бул эмне? Кебетең кантет?— Келиңиз апа.— Ар кимдин байпагын жууп отурасың анан! Кана аялың? Дагы эле айыга элекпи? Жыргап жататда, сага апасынын байпагын жуудуруп коюп.— Апа, эмне деп жатасыз. Абалын өзүңүз жакшы билесиз. Кайын энем дагы менин апам.— Кыйраттың!— Апа, кудай сактасын дечи, эгер сиз менен бир нерсерсолсо, менин келинчегим мага окшоп жаныңызда жүрмөк. Балдарымдын энесине жардам бербей кантип жөн отура алам? Апа, коюңуз, андай жаман адам болбойлу. Өзүңүзадамгерчиликтүү болгула деп көп айтчу элеңиз го.Үйгө кирбей кетип калды. Биз тамчылатма дары алып жатканбыз. Чыгып учураша албадым. Жанымда жаткан апам баарын укту. Бирок, унчуккан жок. Мен дагы эч нерсе дебедим. «Келгиле, тамак ичели». — деп күйөөм билмексен болуп кирип келди.кошунамдан таптым Азыр бизде баары жакшы. Жок, мурдагыдан дагы сонун. Апам сакайып «сага ыраазымын балам»,- деп, күйөөмө батасын берип, үйүнө кетти. Баягы күнү кой союп кайын энеме кошуп баарыбызды чакырып сыйладыЖол. Күйөөм рулду башкарып баратат. Артта балдар уктап жатат.Күйөм: Баары жакшыбы? Жанатан бери мени уялтып, күлмүңдөп карап келатасың.Мен: Баары сонун. Рахмат сага. Мен бактылуумун.

Билесиңби.кж