Баткенде 4 миңдей адам катышкан ишембилик өттү

16

19-сентябрь – Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата Баткен облусунда массалык ишембилик болуп өттү.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ишембиликке жалпы мекеме-ишканаларда эмгектенген 4 миңдей кызматкер катышты. Алар санитардык эрежелерди сактоо менен өз аймактарын тазалап, ирээтке келтиришкен.

“Ошондой эле бул күнү Баткен шаарында шаардын тазалыгына кайдыгер карабаган жаш активисттер эс алуучу жайларды, көчөлөрдү акыр-чикирлерден арылтышты”, – деп айтылат маалыматта.